Көзкарандысыз дарыгер абакта ачкачылык жарыялаган активист жана саясатчылардан кабар алды

Көзкарандысыз дарыгер Бермет Барыктабасова Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери менен биргеликте 21-декабрда ТИЗО-1деги ачкачылык жарыялаган Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Орозайым Нарматова, Равшан Жээнбеков жана Марат Баязовдун абалынан кабар алып чыкты. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды.

Барыктабасова кармалгандардын абалы салыштырмалуу жакшы экенин билдирди. Анын айтымында, алардын баарына ачкачылыктын кесепеттери тууралуу эскертүү берилди.

«Рита Карасартова үч күн ОРВИ менен ооруган, айрым белгилери дагы эле бар, алар: жөтөл, балтыр булчуңдарынын тарамышынын тартылышы, калкан безинин гормондору көзөмөлдө. 7 килограмм салмак жоготкон. ТИЗО-1дин кызматкерлеринин жана дарыгерлеринин “гумандуу, адамгерчиликтүү мамилеси” үчүн ыраазычылыгын айтты», — деди ал.

Дарыгер ошондой эле Клара Сооронкулова да булчуңдары ооруп жатканына, алсырап, башы айланып, орточо баш ооруу жана кан басымы төмөндөгөнүнө даттанганын билидрди.

«Сооронкулова медицина кызматкерлерине кайрылган эмес. Өзүнүн бардык өнөкөт оорулары тууралуу билет, медициналык картасында баары жазылган. Медицина кызматкерлерине жана [ТИЗО-1дин] кызматкерлерине эч кандай доосу жок», — деп маалымдады Барыктабасова.

Анын айтымында, Марат Баязов арызданган эмес, бирок кескин арыктап кеткендиктен салмагы менен канындагы канттын өлчөмүн ченөөнү суранган. Барыктабасова ошондой эле Равшан Жээнбековдун да абалынан кабар алганын жазды.

«Ал [Равшан Жээнбеков] ТИЗОдогу башка кармалгандарга да көңүл бурууну сурады, анткени ачкачылык жарыялаган саясий туткундарга өзгөчө көңүл бурулуп жатат деп эсептейт. Бирок башка жөнөкөй адамдар үчүн ал жердеги шарттарда күн кечирүү кыйыныраак», — деп маалымдады дарыгер.

Ал камераларда жылыткычтар бар экенин, бир аптада бир жолу гана жуунганга болорун айтты.

Барыктабасова конвойдун коштоосунда жеке клиникадан текшерүүдөн өтүп кайтып келаткан Орозайым Нарматова менен да көрүшүшкөнүн айтып берди.

«[Ден соолугу боюнча айткан] арыздары тастыкталды — жүрөктүн ритминин бузулушу, тахикардия, митралдык клапандардын пролапсы диагнозу коюлду. Симптомдор жана жүрөк кемтигинин белгилери өтө аз убакытта пайда болду, андыктан тынчсызданууга себеп бар. Перизат жана Орозайым ачкачылыктын натыйжасында биринчи кезекте ооруканага жаткыруу керек болгон талапкерлер», — деп белгиледи дарыгер.

Ал ошондой эле 21-декабрда саламаттык сактоо министрлиги менен ЖАКтын медициналык бөлүгү саясий ачкачылык жарыялагандардын абалын көзөмөлдөп туруу үчүн мекемелер аралык кызматташууну жолго коюу боюнча тегерек стол өткөргөнүн кошумчалады.

«Тар чөйрөдөгү адистиктердеги жарандык дарыгерлерден турган дисциплиналар аралык топ түзүлдү, алар [ачкачылык кармагандардын абалына] көзөмөл жүргүзүшөт. Ооруканага жаткыруу тууралуу көрсөтмө берилгенде бейтаптар жарандык ооруканаларга которулат», — деп жазды ал.

Саясий ачкачылык

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист жана саясатчылар Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартова соттун аларды 20-февралга чейин ТИЗОдо калтыруу чечимине нааразылык билдирип саясий ачкачылык жарыялашкан. Алар ачкачылыкты 14-декабрда башташкан. Кийинчерээк ачкачылыкка Кемпир-Абад иши боюнча фигуранттардын 10дон ашыгы кошулган.

Алардын баары ТИЗОдон бошотууну жана аларга карата массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш ишин токтотууну талап кылышууда. Айыпталып жаткандардын баары бул ишти токулган жана жасалмаланган деп аташууда.

Ошондой эле нааразылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочулар октябрдын аягында кармалган. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.

Тема боюнча:

«Адилеттин» юристтери: Өлкөнүн укуктук системасы ар бир жаран үчүн коркунучка айланып баратат

Абактагы аялдар ачкачылык үчүн жоопкерчиликти президент менен Ташиевге жүктөштү

Кемпир-Абад иши: Кыргыз айымдары абактагы аялдарды бошотуу талабы менен кол топтой башташты