Кемпир-Абад иши: Кыргыз айымдары абактагы аялдарды бошотуу талабы менен кол топтой башташты

Сүрөт: Коллаж

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды бошотуу талабы менен «Аялдар аялдарды колдойт!» аталышындагы кол топтоо акциясы башталды. Петицияны KG Women Empowerment бирикмеси уюштурду.

Акцияда өлкө жетекчилигине саясий туткун аялдарга: Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Орозайым Нарматовага куугунтукту токтотуу жана аларды камактан бошотуу талабы айтылды.

«Кымбаттуу эже-сиңдилер, президент Садыр Жапаровду абактагы аялдарды тез арада бошотууга, алардын укуктарын урматтоого, аларга карата ырайымсыз, кадыр-баркты басмырлаган мамилени токтотууга чакыруу үчүн өлкөнүн жетекчилигине же коомчулукка ачык кайрылып, колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз!» — деп айталат кайрылууда.

Уюштуруучулар ачкачылык жарыялаган айымдардын ден соолугу начарлап кеткенин айтып, алардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканына тынчсызданып жатышканын кошумчалашты.

Абактагы айымдар

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Алардын алтоо — аял. Кармалгандарга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда.

12 жана 14-декабрда шаардык сот кармалгандарды 20-февралга чейин абакта калтырган. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Рита Карасартова жана Орозайым Нарматова ачкачылыкты азыркыга чейин улантышууда. Укук коргоочулар абактагы айымдардын ден соолугу «кескин начарлап кеткенин» айтышууда.

Экс-депутат Орозайым Нарматова 20-декабрда ден соолугу кескин начарлап, жеке диагностикалык клиникага жеткирилген. Бирок толук текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калган.

Ал эми Перизат Суранованын ден соолугу канааттандырарлык эмес, ал өзүн абактан ооруканага которууну суранган. Бирок сураныч аткарыла элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Адвокат: Орозайым Нарматова толук медициналык текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калды

Бермет Барыктабасова: Перизат Суранованын абалы начар, ооруканага которууну суранып жатат