«Адилеттин» юристтери: Өлкөнүн укуктук системасы ар бир жаран үчүн коркунучка айланып баратат

Өлкөнүн укуктук системасы барган сайын ар бир жаран үчүн коркунучка айланып баратат. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Кемпир-Абад ишиндеги мыйзам бузууларды талдап чыгып ушундай жыйынтык чыгарышты.

«Ким гана болбосун тиешелүү экспертизанын корутундусу жана жүргүзүлгөн тергөө амалдарынан мыйзамдуу жол менен алынган далилдердин негизинде эмес, эч бир негизсиз божомолдор менен кандай гана болбосун кылмышка айыпталышы мүмкүн», — деп эсептешет юристтер.

Юристтердин айтымында, алар өлкөдө көз карандысыздык алгандан бери биринчи жолу массалык түрдө мөөнөтсүз ачкачылык жарыялангандыктан талдоо жүргүзүүнү чечишкен.

Учурда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын көпчүлүгү ТИЗОдо ачкачылык кармашууда — алардын айрымдарынын абалы өтө оор, бирок ага карабастан аларды ооруканага которуудан баш тартышууда. Алар ТИЗОдон бошотууну жана аларга карата массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш ишин токтотууну талап кылышууда. Айыпталып жаткандардын баары бул ишти токулган жана жасалмаланган деп жатышат.

«Массалык ачкачылык — кармалгандар укуктук жактан коргонуунун бардык аракетин көрүп бүтүп, укуктары менен экриндиктерин коргоонун башка жолдорун таппай калышканын айтып турат. [...] Ачкачылык өлкөдө адам укуктарын коргоо деңгээли өтө эле түшүп кеткенин, соттук жана укук коргоо системасы деградацияга кабылганын айтып турат», — деп билгилешти уюмдагылар.

Адистер кармалгандар өмүрү менен ден-соолугун тобокелдикке салып, ачкачылык сыяктуу радикалдуу чарага барганга аргасыз экенин, себеп дегенде бүгүнкү күндө «ачкачылык жарыялоо укук жана эркиндик эле эмес, жалпы эле демократиялык баалулуктар менен мыйзам үстөмдүгү үчүн күрөштө жападан жалгыз жол болуп атат» деп эсептешет.

Юристтер Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын кармоодо, аларга каршы кылмыш ишин козгоодо жана айып тагууда бир топ процессуалдык бузууларга жол берилгенин аныкташканын белгилешти.

Алар иш мыйзамсыз, негизсиз жана адилетсиз козголгон дешет, себеби кармалгандар «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөнүн тастыктаган бир дагы далил жок, болгону эч бир нерсе менен бышыкталбаган тергөөнүн версиясы гана бар».

Юристтер мамлекеттик органдарга Конституция боюнча ар бир адамдын укуктары менен эркиндиги ажыратылгыс экенин жана ал адамга төрөлгөндө эле берилерин эскертишти.

«Укук жана эркиндик ким тарабынан гана коркунуч болбосун сот жана мыйзам менен корголушу керек. Алар жогорку баалулуктарга кирет. [...] Ал Конституция менен бекитилген жана эч бир чектөөгө жатпайт. Ар бир жаранга укуктары менен эркиндиги сот тарабынан корголот деп кепилденген, анын баары Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргызстан өзү катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде дагы каралган», — деп жыйынтыкташты сөзүн юристтер.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы сындарга байланыштуу кармоолор

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алган. Ошол эле күнү 22 кишини кармап кеткен, кийинчерээк алардын саны 27ге жеткен (экс-депутат Канат Исаев гана башка иш боюнча кармалган).

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кийинчерээк кармалгандардын дээрлик бардыгынын ТИЗОдогу мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

16-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 15 активист жана саясатчы балдарын жалгыз тарбиялаган саясий туткундарды жана жалгыз бой аялдарды, ошондой эле үй-бүлөсүнө жалгыз кам көргөндөрдү бошотууну талап кылып президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Кайрылгандар алардын баарын «Кемпир-Абадга байланыштуу жасалма иш боюнча мыйзамсыз камашкан» деп эсептешет.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген.

Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.

Андан тышкары, президент эки жылдан бери кармалган аялдардын «ооздоруна ак ит кирип, кара ит чыгып» жатканын, бирок аларга көңүл бурбаганын, себеби «теңелгиси келбегенин» айткан.

Тема боюнча окуңуз:

Бир сүрөт менен: Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулду

Кемпир-Абад иши: Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылышты