Минкаб: 30-декабрдан тарта өлкөдө электрондук паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонула баштайт

Министрлер кабинетинин 29-ноябрда жарыяланган токтомуна ылайык, 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот. Бул маалыматты «Клоопко» минкабдын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындан ары кыргызстандыктар документтерин санариптик үлгүдө мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алышат.

«Түндүк» мобилдик тиркемесине паспорт, туулгандыгы тууралуу жана айдоочулук күбөлүктү, ошондой эле башка документтердин электрондук үлгүсүн тиркеп алса болот.

«Түндүк» — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси. Ал жерден керектүү мекемелерге онлайн түрдө арыз берип, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөсө болот.

Буга чейин, июль айында президент Садыр Жапаров «тонналаган кагаз» колдонгон чиновниктерди сынга алып, планшет колдонууга чакырган.

Ага дейре Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга ички кызматтык кат алышууларды 11-майдан тартып электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырган. Январдын башында ал бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөрүн билдирген.

Жапаров электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү ишин тездетүүнү өткөн жылдын аягында эле тапшырган болчу.

Негизги беттеги сүрөт: Гүлжан Турдубаева / «Азаттык»

Автору: Каным Кыдырова

Тема боюнча:

Видео: Президент чиновниктерди «тонналаган кагаз» үчүн сынга алып, планшет колдонууга чакырды