ИИМ: Орусияга жана Европага ири көлөмдө баңгизат сатып жүргөн топтун мүчөлөрү кармалды

Көптөн бери Орто Азиядан Орусияга, Балтика өлкөлөрүнө жана Европага аткез жол менен баңгизат ташып, сатып жүргөн уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 22-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач Орусиянын ички иштер органдары баңги тобунун активдүү мүчөсүн, 34 жаштагы орус жаранын кармашкан. Алар Новосибирск шаарында ижарага алынган кампаны тинтүүгө алып, 68 килограмм Афган чарсы жана 4 килограмм героин табышкан.

Тергөө учурунда шектүү баңгизатты Бишкектеги эки шеригинин жардамы менен ташыганын айтып берген. Милиция аларды да кармады — шектүүлөр Исфана шаарынын 25 жаштагы эки тургуну болуп чыкты.

Ошондой эле аталган топ баңгизатты жүк ташуучу унааларга, азык-түлүккө, курулуш же айыл чарба шаймандарына катып ташып келгени аныкталды.

Азыркы тапта дагы эки кыргызстандыктын уюшкан баңги тобуна тиешеси бар экени айтылууда. Алар да Исфана шаарынын 46 жана 35 жаштагы тургундары экени аныкталды. Азыркы тапта милиция шектүүлөрдү кармоо иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында баңгизат таратууга жана аткезчиликке шектелген Тажикстандын эки жараны кармалган. Алардын бирөө Тажикстандын милиция кызматкери болуп чыккан. Шектүүлөр Казакстанга жөнөтүү үчүн Кыргызстанга 11 килограмм апийим жана 21 килограмм нашаа алып өтүүнү пландашкан.

Автору: Айпери Акылбек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

«Баңгизат сатуу боюнча атайын канал уюштурган». Коргоо министрлигинин аскер кызматкери кармалды»

Милиция баңгизат аткезчилигине шектелген Тажикстандын жарандарын кармады