«Кыйноо». Абактагы Бузурманкулов аны шарты «өтө начар» камерага которуп салышканын айтты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов аны абактагы шарты өтө начар камерага которуп салышканын айтты. Ал бул тууралуу Акыйкатчы институна жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылды.

Бузурманкуовдун айтымында, 22-декабрда абактын кызматкерлери кечки текшерүүдөн соң аны эч себепсиз таракан каптап кеткен башка камерага которуп салышкан.

«Жаңы келген камеранын абалы өтө начар, ичи өтө кир, жарык берүүсү да күңүрт, көздү оорутат. Таракандар быжырап ичин толук каптап кеткен. Кыскасы, адамдын жашоосуна өтө начар ылайыкташкан. Психологиялык кыйноо деп айтса да жарашат», — деди ал.

Активист бийлик ага оюн ачык билдирип, саясий күрөштү улантууга жолтоо болуп жатканын айтып, бул аракетти «басым» деп баалады.

Ал мындан ары да өлкөнүн келечеги үчүн чындыкты жана бийликтин каталарын көзгө сайып айта берерин кошумчалады.

«Бул майда ыплас кадамдар менен бийлик биздин эркиндигибизди чектесе да оюбузду, сөзүбүздү, ички демибизди чектей албайт», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Айбек Бузурманкулов — Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн октябрдын аягында кармалган 30га чукул активист жана саясатчылардын бири. Алар «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деп айыпталышууда.

12-декабрда шаардык сот активисттер Бузурманкулов менен бирге бир нече активист, саясатчыны 20-февралга чейин абакта калтырылган. Көп өтпөй Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Кийинчерээк алардын үчөө ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотууга аргасыз болушкан.

Тема боюнча:

Абдирасулова: Кемпир-Абад ишинин 19 фигуранты ачкачылык жарыялады