Президент жашыруун кумар оюндарын уюштургандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине эки айда жашыруун кумар оюндарын уюштургандардын жоопкерчилигин күчөтүүчү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы 23-декарбда кол койду.

Ага ылайык, 1-январынан тарта кумар оюндарын казинолордо гана уюштурууга болот. Ал эми казинодон башка жерге, соода борборуна, компьютердик клубга автоматтарды орнотууга тыюу салынат.

Ошондой эле лицензиясы жок тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишмердүүлүгү токтотулат.

«Өлкө аймагында тыюу салынган кумар оюндарын уюштуруу, ошондой эле аларга окуучуларды, өспүрүмдөрдү жана жашы жете электерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштин алдын алуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн», — деп буюрду президент.

Жапаров мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруудан түшкөн каражан жана баалуулуктар тергөө тарабынан алынып, мамлекеттин кирешесине которуларын белгиледи.

Ошондой эле, өлкө башчысы жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, шаардык мэрияларга жана башка мамлекеттик органдарга мыйзамсыз кумар оюндарын болтурбоо үчүн чараларды көрүүнү тапшырды.

Кумарканаларды ачуу

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик кол коюлган мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналарын айткан.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт деп эсептешет.

Экономика министри Данияр Амангелдиев 21-ноябрда парламенттин профилдик комитетинин жыйынында өлкө аймагында кумаркана ачуу үчүн азырынча эч ким лицензия ала электигин билдирген. Анын айтымында, лицензия алууга үч арыз келип түшкөн. Ал азыркы тапта Санарип өнүктүрүү министрлиги менен оюн-зоок жайларына кыргызстандыктарды киргизбөөнүн системасы иштелип жатканын кошумчалаган. Аталган система кыргызстандыктардын жеке идентификациялык номуруна байланары белгиленет.

Жыйында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кумарканалар 2023-жылдан тартып ачыла башталат деп болжогон.