Баткен: Президент чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдүн курулушун тездетүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун Миң-Өрүк, Достук айылдарына барып, чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн курулушун тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу 25-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Миң-Өрүк айылында 37 үй курулуп жатат. 10 үйдүн чатыры жабылып, дагы 16 үйдүн ичинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Достук айылында жалпы 59 үйдүн пайдубалын түптөлдү. Төрт үйдүн дубалы курулуп, 14үнүн чатыры жабылды. Дагы 36 үйдүн плитасы орнотулууда.

Жапаров курулушту тишелүү нормаларды жана стандарттарды сактоо менен жүргүзүү маанилүү экенин белгилеп, тургундардын ыңгайлуу жашоосу үчүн айылды тийиштүү инфраструктура менен камсыздоону тапшырды.

Ошондой эле президент Капчыгай жана Ак-Сай айылдарынын эл менен да жолукту. Ал Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлөрүн жана ал үчүн тийшинтүү каражат бөлүнгөнүн айтты.

Жапаров Баткендеги тиешелүү кызматтын жетекчилерине тургундар айткан көйгөйдү чечүү маселесин колго алууну тапшырды.

Буга чейин, 22-сентябрда Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган болчу.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Баткенди калыбына келтирүү жай темпте жүрүүдө

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и оңдоп-түзөөгө муктаж.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

Баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушкан. Муну минкабдын төрагасы да моюндаган.

Парламенттин 19-октябрдагы отурумунда минкабдын төрагасы Жаңы жылга чейин бардык иштерди аяктоого аракет кылышарын, ал үчүн курулушчулар 2-3 смен менен иштешээрин убадалаган.

Бирок парламенттин 8-декабрдагы отурумунда депутат Жанар Акаев Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө тартылган курулушчулар бул ишке бөлүнгөн каражаттын жадагалса жарымын да албаганын айткан. Мурдараак Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн 6 миллиарддан 8,5 млрд сомго чейин каражат бөлүнгөнү маалымдалган.

Өкмөт башчы депутат Акаевге курулушту Мамлекеттик курулуш департаменти көзөмөлдөп жатканын, калыбына келтирүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн деп жооп берген. «Дагы керек болсо бөлүп берүүгө даярбыз», — деп белгилеген Жапаров.

Тема боюнча:

Президент: Кыргыз-тажик чек арасы такталууда, бир чарчы метр жерди да бербейбиз