Масалиев Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен президентке кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровго Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен кайрылды. Ал кайрылуусун 24-декабрда фейсбук барагына жарыялады.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитеттин жыйынында «мыйзамсыз аракеттер тууралуу сөз болгон эмес».

«Модератор сүйлөшүүлөрдүн башында бардыгына бул жолугушуу мыйзам чегинде нааразычылык билдирүүдөн башка максатты көздөбөгөнүн эскерткен», — деди ал.

Масалиевдин айтымында, укук коргоо органдары имаратка «тыңшоочу аппараттарды» орнотуп, бардык сүйлөшүүлөрдү жаздырып алышкан. Кийинчерээк «тандалган телеберүү технологиясынын жардамы менен коомдо терс пикир жаратууга аракет кылышкан». Депутат «иштин материалдарын мөөнөтүнөн мурда ачыкка чыгарууга мыйзам жол бербейт» деп белгиледи.

Эл өкүлү кармалгандардын айрымдары бир да жолу суракка алынбаганын айтып, анткени, укук коргоо органдары деле иштин атайын токулганын түшүнүп турат деген пикирин билдирди.

Масалиев президентти «өзгө, жат» деп бөлүнүүгө жол бербөөгө жана «саясий негизде абакта жаткан бардык жаранды бошотууга» чакырды.

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда.

12 жана 14-декабрда шаардык сот кармалгандарды 20-февралга чейин абакта калтырылган. Көп өтпөй Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Кийинчерээк үч киши ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотушкан.