Бишкек шаарынын мэриясы Баткен окуясында жабыркагандарга жардам берди

Сүрөт: Бишкек шаардык мэрия

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев баштаган муниципалитеттин кызматкерлери Баткен облусунун чек ара аймактарын кыдырып, балдарга 1 миллион сомдук жылуу кийимдерди жана жаңы жылдык белектерди тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 26-декабрда кабарлады.

Мындан тышкары, вице-мэр президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге Бишкек шаарынын мэриясынын атынан 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Маалымат боюнча, Алимбаев борбор калаанын мэрине жана муниципалитеттин кызматкерлерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык сөздөрүн айтты.

Жыргалбек Шамыралиев чек арага жакын жайгашкан Достук айылына барып, мобилдик үйлөрдө жашаган тургундар менен да кездешти. Вице-мэр достуктуктардын абалы менен таанышып, балдарга жаңы жылдык белек берди.

Буга чейин, 13-октябрда борбор калаанын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен Баткен облусунун тургундарын 50 мобилдик үй менен камсыз кылган.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Баткенди калыбына келтирүү жай темпте жүрүүдө

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и оңдоп-түзөөгө муктаж.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

Баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушкан. Муну минкабдын төрагасы да моюндаган.

Парламенттин 19-октябрдагы отурумунда минкабдын төрагасы Жаңы жылга чейин бардык иштерди аяктоого аракет кылышарын, ал үчүн курулушчулар 2-3 смен менен иштешээрин убадалаган.

Бирок парламенттин 8-декабрдагы отурумунда депутат Жанар Акаев Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө тартылган курулушчулар бул ишке бөлүнгөн каражаттын жадагалса жарымын да албаганын айткан. Мурдараак Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн 6 миллиарддан 8,5 млрд сомго чейин каражат бөлүнгөнү маалымдалган.

Өкмөт башчы депутат Акаевге курулушту Мамлекеттик курулуш департаменти көзөмөлдөп жатканын, калыбына келтирүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн деп жооп берген. «Дагы керек болсо бөлүп берүүгө даярбыз», — деп белгилеген Жапаров.

Автору: Жыргалбекова Насикат

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент: Кыргыз-тажик чек арасы такталууда, бир чарчы метр жерди да бербейбиз