УКМК: Ташиев өздүк курамдын атынан реабилитациялык борборго 500 миң сом жардам берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Бирге ден соолук» уюмуна караштуу «Нур+» реабилитациялык борборундагы майыптыга бар балдарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 27-декбарда билдирди.

Маалыматка ылайык, Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын жакшыртууга 500 миң сом берди. Ошондой эле ал балдарга таттууларды жана оюнчуктарды белек кылды.

Ал эми реабилитациялык борбордун жетекчилиги УКМКнын төрагасына жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, «алардын жардамы менен 2021-жылы 1 миллион, ал эми 2022-жылы 500 миң сом ижара акысы төлөнгөнүн» айтты.

«УКМК башчысы реабилитациялык борбордун жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, баарына чың ден соолук каалады», — деп белгилешти атайын кызматтан.

УКМКнын басма сөз кызматы жыйындын соңунда Ташиевдер реабилитациялык борборго ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашканын кошумчалады.

Камчыбек Ташиев бийликке келгенден бери муктаждарга жардам бергени тууралуу сүрөт-видеолору көбүнчө өзүнүн «Регион» телеканалына жарыялап келет.

20-декабрда Ташиев лейкоз менен ооруган Дайырбек Маматкалыевдин дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүүнү убадалаган. Бирок атайын кызматтан баланын дарылануусуна канча сом бөлүнөрүн жана каражат кайдан алынарын ачыкташкан эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында да Ташиев кичи мекени Сузак районунун Барпы айылында бөйрөк ооруусунан жабыркаган Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп бергени айтылган. Анда да каражат булагы белгисиз бойдон калган.

Ал эми ноябрь айында Ташиев үй-бүлөсүнүн эсебинен Жалал-Абаддагы төрт көчөгө асфальт төшөп берген. Ага дейре жергиликтүүлөр тарабынан аталган көчөгө Ташиевдин атасы — Кыдырша Ташиевдин ысымы ыйгарылган.

Ташиевдер акчаны каяктан алат?

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басылмаларга Камчыбек Ташиевдин кирешеси тууралуу «коомчулукка жарыялоого ылайык эмес» деген жүйөө менен маалымат берүүдөн баш тарткан.

Быйыл январда Temirov Live ютуб-каналы мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып, 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөдө журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиев бийликке келгенге чейин эле күйүүчү май бизнеси менен байланышы бар экенин, Жалал-Абаддагы мунай заводу анын бир туугандарына катталганын, Казыбек Ташиев негиздөөчүсү, ал эми Шайырбек Ташиев директор болуп саналарын айткан.

Ал эми Ташиев Темировдун иликтөөсүндөгү коррупциялык фактылар «ойдон токулганын», үй-бүлөсүндө бир да адам «эч качан коррупциялык схемаларга аралашпаганын» билдирген.

Ошондой эле ал «бийликке келгенден кийин» үй-бүлө мүчөлөрү тендерлерге катышпай калганын, ал эми уулу болсо тендерлерге жергиликтүү бийлик сурангандыктан «жаман ою жок эле» катышканын кошумчалаган.

Автору: Насикат Жыргалбекова

Тема боюнча:

Ташиев лейкоз менен ооруган баланын дарылануусуна акча берүүнү убадалады