Ташиев лейкоз менен ооруган баланын дарылануусуна акча берүүнү убадалады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж Дайырбек Маматкалыевге материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы 20-декабрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, өспүрүмгө курч лимфобластикалык лейкоз диагнозу коюлган. Анын ата-энеси Ташиев менен кезигип, балага химиотерапиялык курс жетишсиз болуп жатканын айткан. Ошондой эле толук сакайып кетүүсү үчүн өспүрүмгө операция жасатуу керектигин белгилешкен.

Ал эми Ташиев баланы Индиянын «Фортис» медициналык мекемесинде текшерүүдөн өткөрүүгө жана операцияга каржылык колдоо көрсөтүүнү убадалаган.

Бирок атайын кызматтан баланын дарылануусуна канча сом бөлүнөрүн жана каражат кайдан алынарын ачыкташкан жок — акча мамлекеттин эсебинен бөлүнөбү же Ташиев өз чөнтөгүнөн чыгарабы белгисиз.

Камчыбек Ташиев бийликке келгенден бери муктаждарга жардам бергени тууралуу сүрөт-видеолору көбүнчө өзүнүн «Регион» телеканалына жарыяланып келет.

Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында да Ташиев кичи мекени Сузак районунун Барпы айылында бөйрөк ооруусунан жабыркаган Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп бергени айтылган. Анда да, каражат булагы белгисиз бойдон калган.

Ал эми ноябрь айында Ташиев үй-бүлөсүнүн эсебинен Жалал-Абаддагы төрт көчөгө асфальт төшөп берген. Ага дейре жергиликтүүлөр тарабынан аталган көчөгө Ташиевдин атасы — Кыдырша Ташиевдин ысымы ыйгарылган.

Ташиевдер акчаны каяктан алат?

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басылмаларга Камчыбек Ташиевдин кирешеси тууралуу «коомчулукка жарыялоого ылайык эмес» деген жүйөө менен маалымат берүүдөн баш тарткан.

Быйыл январда Temirov Live ютуб-каналы мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып, 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөдө журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиев бийликке келгенге чейин эле күйүүчү май бизнеси менен байланышы бар экенин, Жалал-Абаддагы мунай заводу анын бир туугандарына катталганын, Казыбек Ташиев негиздөөчүсү, ал эми Шайырбек Ташиев директор болуп саналарын айткан.

Ал эми Ташиев Темировдун иликтөөсүндөгү коррупциялык фактылар «ойдон токулганын», үй-бүлөсүндө бир да адам «эч качан коррупциялык схемаларга аралашпаганын» билдирген.

Ошондой эле ал «бийликке келгенден кийин» үй-бүлө мүчөлөрү тендерлерге катышпай калганын, ал эми уулу болсо тендерлерге жергиликтүү бийлик сурангандыктан «жаман ою жок эле» катышканын кошумчалаган.

Автору: Насикат Жыргалбекова
Редактору: Найзабек Мукамбетов

Тема боюнча:

Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы төрт көчөгө өз чөнтөгүнөн асфальт төшөп берди