Милициядагы чуу: Төрт облустун ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашырган деген шек менен кармалган милиционерлердин чуусунан кийин Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарына ИИБдин жаңы башчылары дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Дайындоолор:

  • Нарын ОИИБнин начальниги болуп Канат Жумагазиев дайындалды. Буга чейин ал Ысык-Көл ОИИБнин начальниги болгон;
  • Жалал-Абад ОИИБнин начальниги болуп Жеңиш Абитов дайындалды. Буга чейин ал Ош ОИИБнин башчысы болчу;
  • Ош ОИИБнин башчысы болуп Жеңиш Жоробеков дайындалды. Буга чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген;
  • Ысык-Көл ОИИБнин начальниги кызматына Орунбай Кочкоров дайындалды. Буга чейин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

Жаңы дайындалган чиновниктер милициянын полковниги экени айтылат.

28-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн-кеңешме өткөрүп, жаңы жетекчилерди тааныштырды. Ал ротация милиция кызматкерлери УКТ мүчөлөрүн жаап-жашыруу фактылары аныкталган Нарын облусунун Кочкор районундагы жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы окуяларга байланыштуу экенин айтты.

Ниязбековдун айтымында, жаңы башчыларды дайындоонун алдында ар бири менен жеке сүйлөшкөн. ИИМ башчысы дайындалган жетекчилердин тажрыйбалуу жана жоопкерчиликтүү кызматкерлер катары билерин белгиледи.

«Андыктан, сиздерге берилген аманатты аткарып, эл алдында таза жана чын дилден эмгектенип, буга чейинки орун алган кемчиликтерге жол бербестен, коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөйсүздөр деп ишенем. Эгерде сиздер элдин ишенимин актабай, өз милдетиңиздерди так аткарбай, жүктөлгөн ишмердике салкын мамиле жасай турган болсоңуздар жаза катуу болот. Мындан ары бир дагы райондо же шаарда ушуга окшогон терс кесепеттер менен коштолгон орой кемчиликтерге жол берилбесин», — деп эскертүү берди берди министр кызматкерлерине.

Милициянын УКТны жаап-жашыруусу

Соңку бир нече күндө УКМК милиция кызматкерлери УКТ мүчөлөрүн жаап-жашырганы аныкталган эки окуя тууралуу билдирген.

24-декабрда УКМК кызматкерлери Нарын облусунун кочкор районунда беш милиция кызмткерин кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, укук коргоо орган кызматкерлери жергиликтүү кафенин ээсинен коркутуу жана зордуктап кетүү коркутуусу менен акча опузалаган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсүнө чара көрүүнүн ордуна аларды жаап-жашырууга аракет кылышкан.

Ниязбеков буга байланыштуу комментарий берип, «жергиликтүү милиция кызматкерлери өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышканын» айткан.

26-декабрда УКМК кызматкерлери УКТ мүчөлөрү жасаган кылмышты жашырууга шектеп Сузак РИИБнин төрт кызматкерин кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, милиционерлер укук коргоо органдары алардын каракчылыгына көз жумуп коюушу үчүн шектүүлөрдөн өзгөчө ири өлчөмдө пара алган. Алардын каракчылыгынан бир адам бычак жеп ооруканага жеткирилген.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы уюшкан кылмыштуу топту жашырууга шектелген милиция кызматкерлердин кармалышынан улам ведомствонун кызматкерлерин текшерүүгө алган.

ИИМдин маалыматына ылайык, үч кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулуп, 9 милиция кызматкер жумушунан алынган. Нарын милициясынын дагы 10 кызматкери тартиптик жазага тартылган.

Жалал-Абадда ээлеген кызматынан төрт милиционер бошотулган. Облус милициясында иштеген дагы сегиз кызматкерге сөгүш жарыяланган.