Депутат Эмил Жамгырчиев Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын айтты

Эмил Жамгырчиев

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын билдирди. Бул тууралуу ал узаган жылдын 31-декабрында фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жамгырчиевдин айтымында, ал атасы ооруп жатканына байланыштуу маянасы сакталбаган эмгек өргүүгө чыккан.

«Учурда атамдын абалы оор, жакында эле жүрөгүнөн оор операция жасалган. Кадимки жашоого кайтуу үчүн өтө узакка созулган реабилитация (3 айга чейин) талап кылынат, анткени дененин оң тарабы жарым-жартылай шал болуп калган. Ошол себептүү, иним каза болгондон кийин аны бага турган жалгыз уул болгондуктан, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу эмгек акы төлөнбөгөн өргүү берүү боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасына кат жазгам», — деди Жамгырчиев.

Аны менен катар ал азыр Нарын облусунда экенин билдирип, чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн кошумчалады. Ал эми байланышка чыкпаганынын себебин сыркоолоп калганы менен түшүндүрдү.

Буга чейин 2022-жылдын 26-декабрында УКМК депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлап, анын жүргөн жерин аныктоо үчүн жарандардан көмөк сураган. Атайын кызмат депутат чек араны мыйзамсыз кесип өткөн дөп божомолдогон.

Ал эми 27-ноябрга караган түнү депутат Элвира Сурабалдиева «УКМК Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин» айткан. Ал депутаттар чогулган соң «Жамгырчиевди коё беришкенин» белгилеген.

Сурабалдиева «эки депутат тажыяга бара жатканын» билдирген. Кийинчерээк Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы айтылган. Ал эми Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу Казакстанда дарыланып жүргөнү белгилүү болгон.

Кийинчерээк «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылганын айткан. УКМК бул боюнча териштирүүнү баштаган.

Ал эми 6-декабрда Башкы прокуратур Жамгырчиевди актаган соттун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылып, Жогорку сотко кайрылган. Буга кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар себеп болгону айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди

Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылды

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап, депутаттар чогулган соң коё берди