УКМК депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди

УКМК 26-декабрда депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Мындан улам атайын кызмат анын жүргөн жерин аныктоо үчүн жарандардан көмөк сурады.

Ноябрь айынын соңунда «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылганын айткан.

Анда УКМКдан Жамгырчиевдин «таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин» билдиришкен.

Атайын кызмат 26-декабрда берген маалыматында бул окуя боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Жанар Акаев, Жамгырчиевдин жардамчысы жана башка тиешелүү кишилер суралганын билдирди.

«Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өзү жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга бир нече жолу чакырылган, бирок жүргүзүлүп жаткан иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес», — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам УКМК «Жамгырчиевдин өлкө аймагында жок болушу, анын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүшүнөн кабар берет» деп билдирди.

Буга байланыштуу атайын кызмат Жамгырчиевдин жүргөн жерин билгендер болсо (0312) 660-475, (0312) 626-504 телефон номурларына байланышып кабар берип коюуну өтүндү.

Ал эми Жамгырчиев өзү же анын жакындары билдирүү тарата элек.

27-ноябрга караган түнү депутат Элвира Сурабалдиева «УКМК Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин» айткан. Ал депутаттар чогулган соң «Жамгырчиевди коё беришкенин» белгилеген.

Сурабалдиева «эки депутат тажыяга бара жатканын» билдирген. Кийинчерээк Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы айтылган. Ал эми Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу Казакстанда дарыланып жүргөнү белгилүү болгон.

Кийинчерээк «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылганын айткан. УКМК бул боюнча териштирүүнү баштаган.

Ал эми 6-декабрда Башкы прокуратур Жамгырчиевди актаган соттун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылып, Жогорку сотко кайрылган. Буга кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар себеп болгону айтылган.

Эмил Жамгырчиев жана «өрдөк эти» чуусу

Эмил Жамгырчиев 2018-2020-жылдары Каржы полициясынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

2019-жылы жеке ишкер Эмир Эмилканов арыз менен кайрылып, Жамгырчиев жана Бактыбек Калмуратов андан «50 миң доллар опузалаганын» билдирген.

Эмилканов 2018-жылы Кытайдан Бишкекке 80 тонна өрдөктүн этин алып кирүүгө аракет жасаган. Мындан улам Эмилкановго карата «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ишкердин айтымында, ал алгач Калмуратовго кайрылган. Калмуратов маселени «Жамгырчиев аркылуу чечип беремин» деп, 50 миң доллар сураган. Эмилкановдун айтымында, ал параны Калмуратовго бергенде ал Жамгырчиевге чалып «акча келди, алып кетиңиз» деп айткан.

Кийинчерээк Жамгырчиев өзү келип, «50 миң долларды алып кеткен».

Эмилканов «Аткезчилик» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга шарттуу кесилген. Эмилканов эки аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазган.

Бул окуядан кийин Калмуратов кызматынан четтетилген. Ал эми Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Биринчи май райондук сотунан ал казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.

Анткен менен Жамгырчиев мамлекетке 20 млн сом төкпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, ал «мамлекетке зыян келтирген эмес».

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Прокурор бул беренелер менен алардын күнөөсү так аныкталганын, аларды 15 жылга эркинен ажыратып, 250 миң сом айып салууну өтүнгөн.

Бирок сот бардык беренелер боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан Жамгырчиев менен Калмуратовду актап, аларга реабилитациялоо укугун кайтарып берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылды

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап, депутаттар чогулган соң коё берди

«Өрдөк этинин чуусу». Сот «пара опузалоого» айыпталган Жамгырчиев менен Калмуратовду актады