Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылды

Эмил Жамгырчиев

Башкы прокуратура 6-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди актаган соттун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылып, Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай талап кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу келтирилген.

Аны менен катар соттун өкүмүн жокко чыгаруу талабы өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго байланыштуу экени маалым болду.

27-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра коё бергени айтылган. Кийинчерээк «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылганы айткан.

Буга байланыштуу УКМК билдирүү таратып, Жамгырчиевдин «таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин» билдиришкен.

Эмил Жамгырчиев жана «өрдөк эти» чуусу

Эмил Жамгырчиев 2018-2020-жылдары Каржы полициясынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

2019-жылы жеке ишкер Эмир Эмилканов арыз менен кайрылып, Жамгырчиев жана Бактыбек Калмуратов андан «50 миң доллар опузалаганын» билдирген.

Эмилканов 2018-жылы Кытайдан Бишкекке 80 тонна өрдөктүн этин алып кирүүгө аракет жасаган. Мындан улам Эмилкановго карата «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ишкердин айтымында, ал алгач Калмуратовго кайрылган. Калмуратов маселени «Жамгырчиев аркылуу чечип беремин» деп, 50 миң доллар сураган. Эмилкановдун айтымында, ал параны Калмуратовго бергенде ал Жамгырчиевге чалып «акча келди, алып кетиңиз» деп айткан.

Кийинчерээк Жамгырчиев өзү келип, «50 миң долларды алып кеткен».

Эмилканов «Аткезчилик» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга шарттуу кесилген. Эмилканов эки аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазган.

Бул окуядан кийин Калмуратов кызматынан четтетилген. Ал эми Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Биринчи май райондук сотунан ал казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.

Анткен менен Жамгырчиев мамлекетке 20 млн сом төкпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, ал «мамлекетке зыян келтирген эмес».

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Прокурор бул беренелер менен алардын күнөөсү так аныкталганын, аларды 15 жылга эркинен ажыратып, 250 миң сом айып салууну өтүнгөн.

Бирок сот бардык беренелер боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан Жамгырчиев менен Калмуратовду актап, аларга реабилитациялоо укугун кайтарып берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап, депутаттар чогулган соң коё берди

«Өрдөк этинин чуусу». Сот «пара опузалоого» айыпталган Жамгырчиев менен Калмуратовду актады