Ошто 23 жаштагы кызды ала качууга аракеттенген эки киши кармалды

Ошто 23 жаштагы кызды ала качып бара жаткан эки киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя узаган жылдын 31-декабрында саат 16:30 чамасында катталган. Ош облустук ЖКККБнын кызматкерлери Ош — Бишкек жолунун 659-чакырымында эрежени бузуп айдап келе жаткан айдоочуну токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал милициянын талаптарына баш ийбей, Өзгөн тарапка катуу ылдамдыкта айдап кетип калган.

Милиция кызматкерлери унаанын артынан кубалап, Кыргыз-Чек айылынын аймагына жеткенде гана аны токтотууга жетишишкен.

Унаанын ичинде 25 жаштагы эки эркек киши жана 23 жаштагы кыз болгону аныкталган. Жабырлануучу милиция кызматкерлеринен аны «эркине каршы никеге тургузуу үчүн алып кетип жатышканын» айтып жардам сураган. Алар кызды куткарып калышкан.

Милициянын териштирүүсүндө шектүүлөр кызды Кара-Кулжа районуна алып качып баратканы белгилүү болгон.

Учурда аталган факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандагы ала качуу

Кыргызстанда кыздарды ала качып, никеге турууга мажбурлашат. Иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

2021-жылдын апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи