Райондук сот камакка алынган балдар дарыгерлерин үй камагына чыгарды

Үч жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган дарыгерлер үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова фейсбук барагына жазды.

Ал эми «Кактус» соттун маалымат кызматына таянып, дарыгерлер 18-февралга чейин үй камагында болот деп жазды.

Беш дарыгерди ТИЗО-1ге камакка алуу чечимин 30-декабрда Ленин райондук соту кабыл алган. Ушул эле иш боюнча бир мед кызматкер үй камагына чыккан.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору кармалган дарыгерлерден кабар алганын билдирген. Алардын айтымында, дарыгерлер катаал мамиле жана кыйноо боюнча даттанышкан эмес.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин камакка алынышы тууралуу комментарий берип, жакында алар бошотулат деген ишеничин билдирген.

Балдар дарыгерлеринин камакка алынышы

Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш врачы 10-январга чейин ТИЗОго киргизилген. Алар «кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай койгон» деп айыпталууда.

Көз карандысыз медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова дагы врачтардын жапырт кармалышына «жогорку кызматтагы аткаминердин» баласынын өлүмү себеп болгонун жазган.

«Клооптун» өздүк булагы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун агасы Нурлан Жапаровдун небересинин өлүмү тууралуу сөз болуп жатышы мүмкүн деп билдирген. Жапаров өзү бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин медициналык коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылып, «медициналык кызматкерлерди негизсиз куугунттуктоого жана алардын медициналык милдетинен алагды кылууга жол бербөөсүн» өтүнүшкөн.

«Медиктерге ачык эле “аларды түрмөгө айдап” жана“дипломдорун тартып алабыз” деп айтышкан. Чынында болгон окуяга объективдүү кароонун ордуна өч алуу болуп жатат», — деп айтылат кайрылууда.

Тема боюнча:

Медициналык профсоюз камактагы дарыгерлерге акча чогултуу жарыялады