Футболчу Атай Жумашев Индиянын «Ражастан Юнайтед» командасына өттү

Атай Жумашев. Сүрөт: Кыргыз профессионалдык футбол лигасы

Футбол боюнча улуттук курама команданын оюнчусу Атай Жумашев Канттын «Абдыш-Ата» клубунан Индиянын «Ражастан Юнайтед» клубуна өттү. Бул тууралуу «Клоопко» «Абдыш-Ата» футбол клубунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы кыргызстандык четки чабуулчу 300 миң еврого бааланган. Ал эркин оюнчу болгондуктан жаңы клуб спортчунун мурунку клубуна компенсация төлөп берүүгө милдеттенбейт.

Буга чейин, 2021-жылы январь айында «Абдыш-Ата» клубу футболчуну 150 миң еврого «Ош Каганат» клубунан сатып алган.

Жумашев 2022-жылы Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын версиясы боюнча мыкты оюнчу деп табылган. Ошондой эле ал Канттын «Абдыш-Ата» командасынын курамында өлкөнүн чемпиону болгон. Бул сезондо чабуулчу бардык мелдештерде жалпы 21 гол киргизген.

Мындан ары Жумашев Индия чемпионатынын биринчи дивизионунда дагы эки кыргызстандык — Айдар Мамбеталиев жана Бектур Амангелдиев — менен бирге ойнойт.

2023-жылы январдан тарта Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Индиянын «Мохаммедан» футбол клубунда ойной баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчулардын рейтингине кирди