Жапаров: Мэрди кызматтан алып койсок эле Бишкетеги түтүн жоголуп кетпейт

Президент Садыр Жапаров борбор калааны каптаган ыш көйгөйү «мэрди кызматтан алуу менен чечилип калбайт» деп эсептейт. Ал мындай пикирин 17-декабрда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Өлкө башчысы тик учак менен Бишкекти кыдырып чыкканын айтты. Ал кара түтүн Бишкек жылуулук электр борборунан чыгып жатат деген дооматтарды четке какты.

«ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. [...] Түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет. Ошол үчүн мейли кошунасы болосуңбу же көчөдөн өтүп бара жатып көрүп каласыңбы, айтыш керек, “жакпа” деш керек, тиешелүү органдарга билдириш керек. Ошондо гана түтүн жоголот», — деди ал.

Президент Бишкекти үстүнөн көрүп чыккандан кийин «дароо буйрук берип, рейд уюштурганын» айтты. Ал мончо, үйлөрдө резина, чүпүрөк жагып жаткандарды аныктап, аларга айып пул салууну буйруганын кошумчалады.

«Эл өзү көзөмөлгө алып берсе, рейдден дагы жакшы жыйынтык берет эле. Азыр жаңы конуштарда жеке менчик мончолор көп экен. Ошол мончолордо жагылат экен. Анан эң негизгиси гидро ГЭСтерди салууну күчөтүп жатабыз», — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-декабрда президент Садыр Жапаровго Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровду иштен алуу сунушун берген.

Эл өкүлдөрү калаа башчысы ыш менен күрөшүүдө жана шаардагы башка маселелерди чечүүдө «жетиштүү чара көрбөй жатканын» айтып сынга алышкан.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат.

Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.

Ошентип, смог менен күрөшүү үчүн Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында өзгөчө комиссия түзгөн. Ал жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуунун үстүндө иштейт.

Бирок комиссияга чейин 2021-жылдын 31-мартында парламент депутаттары «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алышкан. Бир жылдан кийин эл өкүлдөрү Министрлер кабинетинин Бишкектеги смогго каршы күрөшүү боюнча чараларын жетишсиз деп табышкан.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири — транспорттордон чыккан зыяндуу газдар деп эсептейт. Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр жагуу» деген изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөө жасаган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен болсо мындай сандар боюнча «күмөн бар экенин» жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтышкан.

Тема боюнча:

«Отканада жүргөндөйбүз». Депутат Бишкекте ышка каршы чара көрүлбөй жатканына ачууланды

Жогорку Кеңеш президентке Бишкектин мэрин кызматтан алууну сунуштады