Сузак: Абактан качып, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эки өзбекстандык кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБи

6-январда Сузакта мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн өзбекстандык эки киши кармалды. Алар өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолуп, жаза өтөп жаткан жеринен качып чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан кармалган. Факты боюнча «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Өзбекстандын Андижан облусунун 37 жаштагы жана Фергана облусунун 31 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милициядан кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгону, акыркы жолу өз өлкөсүндө «адам өлтүрүүгө» айыпталып, Жиззах облусунда жаза өтөп жатканын маалымдашты.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда аларга карата издөө жарыяланганы белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.