Касиет Мамырбай: Абактагы Перизат Сурановага тез арада операция жасалууга тийиш

Кемпир Абад ишине байланыштуу кармалган активист Перизат Суранова тез арада операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай Фейсбук барагына жазып чыкты.

Анын айтымында, Суранова 2022-жылдын 28-декабрында медиктердин текшерүүсүнөн өткөн. Дарыгерлер ага «жатын миомасы» деген диагноз коюп, жыныс органында пайда болгон шишиктер жарылып кетсе, кан көп жоготуу коркунучу бар экенин, бул өмүрүнө кооптуу экенин айтышкан.

«Дарыгерлер буга чейин Суранова жалпы дарылоого муктаж экенин, бирок жыныс органдарына операция жасабаса болбой турганын белгилеген. 10-январда Суранованын өтүнүчү менен Чүй облустук ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн профессору Кулмурзаева кошумча текшерүүдөн өткөрүп, мурда коюлган диагнозду тастыктаган. Ал дагы тез арада хирургиялык кийлигишүү өтө маанилүү экенин белгилейт», — деди активист.

Мамырбайдын айтымында, Суранованын жактоочусу экспертизанын жыйынтыгы жана диагноздору менен күбөлөндүрүлгөн медициналык китепченин көчүрмөсүн берүү өтүнүчү менен ТИЗО-1ге кайрылды.

Ошондой эле ал Суранова ачкачылыкта жарыялаган кезде абакка эки жолу тез жардам кызматы чакырылганын эскерип, бирок белгисиз себептен ооруканага жаткырылбаганын кошумчалады.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынан «Клоопко» Суранованы операция жасатуу үчүн ооруканага соттун чечими жок эле, Саламаттык сактоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде алып барса болорун белгилешти. Бирок, иш тергөөдө болгондуктан, активист бейтапканага конвойлордун коштоосунда гана бара алат.

«Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Министрлик кайда барып жасаткыла десе, ошол жакка барабыз. Анткени бизде операция жасай турчу гинекологиялык бөлүм жок», — деди Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы.

Перизат Суранованын ден соолугу буга чейин эле канааттандырарлык эмес деп бааланып, ал өзүн абактан ооруканага которууну суранган. Бирок сураныч аткарыла элек болчу.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Алардын алтоо — аял.

Кармалгандардын бир бөлүгү кармоого чейин бир күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

ИИМ активист, саясатчыларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагууда. Алардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Ал эми кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга карата иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип, 17 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Тема боюнча:

Бермет Барыктабасова: Перизат Суранованын абалы начар, ооруканага которууну суранып жатат