«Өзүм чийгем». УТРКнын жаңы логотибинин автору анын плагиат экенин четке кагууда

Мелис Орозалиев. Сүрөт: КТРК

УТРКнын плагиат деп аталып жаткан жаңы логотибинин автору Мелис Орозалиев дизайнды өзү чийгенин айтып, окшоштуктарга таң калганын билдирди. Буга чейин «ПолитКлиника» басылмасы логотипти ооган телеканалынан көчүрүлгөнүн жазган.

«Азыркы жасалган лого боюнча айта кетсем, көптөгөн эскиздер чийилип, бир жери жакса, бир жери кайра оңдолуп отуруп азыркы логотип чийилди. Бул логотипти мен өзүм чийгем. [...] Афган телеканалынын логосун бүгүн көрдүм. Эки логонун окшош болуп калгандыгы мен үчүн таң калууну жаратты», — деп билдирди Орозалиев.

Дизайнер учурдагы логотиптин эскиздерин бөлүштү:

Анын айтымында, УТРКнын логотиби алмыштырылган сайын «коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып, ызы-чуу пайда болот».

«Буга чейин Коомдук канал макамына өтүп, боз үй логосу бекитилгенде “Эшиги кыйшык экен”, “Күмбөзгө окшоп калыптыр” деген сыяктуу сын пикирлер айтылган. Коомдук пикирди кабыл алуу менен логону улам алмаштырып, айланып келип биринчи калыбына токтолуп калган жайыбыз бар. Убакыт өтүп, “Боз үй калыш керек” деген пикирлерге караганда эл аталган логотипке көнө түшкөн окшойт», — дейт дизайнер.

Ошондой эле ал «кунт коюп баамдаган кишиге айырмачылык байкалаарын кошумчалап, жөнөкөй логотиптен чоң саясат кылуунун кажети жок» деп айтты.

УТРКнын жаңы логотиби

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында «ПолитКлиниканын» журналисттери УТРКнын жаңы логотиби Ооганстандын 1TV каналынан «уурдалганын» аныкташкан.

Улуттук телерадиокорпорациясы 14-январда соцтармактардагы логосун алмаштырган. Буга чейин логотипте боз үйдүн сөлөкөтү болсо, ал 1 санына алмашкан.

Журналисттер логотипти плагиатка каршы текшерип көрүшкөн. Анын жыйынтыгында, ал Ооганстандын 1TV Kabul телеканалынын логотибинин дал өзү болуп чыккан — болгону кызыл түс көккө өзгөртүлгөн.

УТРКнын мурдагы логотиби.

Мындан сырткары «ПолитКлиника» УТРКнын логотибиндеги толкун сымал абстракттуу фонду да интернеттен бекер көчүрүп алууга болорун аныктаган.

2022-жылдын ноябрында улуттук телеканал логотипти өзгөртүү үчүн сынак жарыялаган. Анын жеңүүчүсүнө акчалай сыйлык берилери убадаланган болчу, бирок анын өлчөмү айтылган эмес.

Азырынча телеканал расмий билдирүү жасай элек, бирок анын өкүлү, журналист Чынар Капарова сынакка келип түшкөн эмгектер комиссия тарабынан жактырылбагандыктан логотипти иштеп чыгуу корпорациянын Дизайн жана эфир жасалгалоо студиясына тапшырылганын, мындан улам акча каражаты сарпталбаганын билдирген.

Ал телеканалдын эн белгиси эмне үчүн ооган телеканылыныкына окшошуп калганы териштирилерин жана логотип маселеси кайра караларын белгилеген.

Өлкөнүн башкы телеканалы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен «коомдуктан» «улуттукка» 2022-жылдын май айында өзгөргөн. УТРК мамлекеттик казынадан каржыланган телеканалдардын сап башында турат — 2007-жылдан тартып мамлекеттик маалымат каражаттарына бюджеттен 10,1 миллиард сом бөлүнгөн — анын 6,6 миллиард сому УТРКга туура келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Журналисттер УТРКнын жаңы логотиби Ооганстандын телеканалынан уурдалганын аныкташты

Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот