«Газпром»: Бишкек жана Чүйдүн тургундарына газ берүү чектелбейт, бул чара бизнеске гана тиешелүү

«Газпром Кыргызстан» ишканасы Бишкек жана Чүй облусунун тургундарына газ берүү чектелет деген маалыматты төгүндөдү. Буга чейин интернетте «Кыргызстанга газ жеткирүү чектелип, газ тармактарында жаратылыш газдын басымы азайганына байланыштуу» компания газ берүүнү убактылуу токтотуп жатканы айтылган документ тараган.

Компаниядан чектөөлөр газды өндүрүштүк максатта пайдаланган коммерциялык объекттерге жана ишканаларга, ресторан, кафе жана мончолорго тиешелүү экенин түшүндүрүштү. Мындай чечим калкты жана социалдык объектилерди көгүлтүр отко муктаждыгын толук камсыздоо максатында кабыл алынганы белгиленди.

«Газпром Кыргызстандан» коммерциялык ишканаларга газ берүүнү чектөө Казакстандан республиканын түндүгүнө газ берилүүчү магистралдык газ түтүгүндөгү басымдын төмөндөшү менен байланыштуу экенин айтышты.

«Бүткүл Борбор Азияда, тактап айтканда, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана биздин өлкөдө байкалган аномалдуу сууктан улам бардык өлкөлөрдө электр энергиясын керектөө бир кыйла өстү», — деп айтылат билдирүүдө.

Январдын башында түшкөн аномалдуу сууктан улам Кыргызстандын жер жерлеринде электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Бийлик аномалдуу суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр киргизилбегенин, ал эми жарык бир нече саатка өчүп жатканын «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип атканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жетүүдө.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин 19-январдагы жыйынында электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө газ маселеси да таасир эткенин билдирди. Анын пикиринде, суук боло берсе өчүрүүлөр уланат.