Ташиев акимдер менен мэрлерди бандиттер жана коррупционерлер жөнүндө маалымат берүүгө чакырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев акимдерди, мэрлерди жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн аймактардагы бандиттер жана коррупционерлер тууралуу маалымат берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 21-январда жергиликтүү байлик башчылары катышкан минкабдын жыйынында билдирди.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрлер, акимдер айткылачы, сиздердин райондордо кандай бандиттер басып жүрөт, кимди коркутуп жатат, кимде, кандай коррупционерлер бар. Муну билесиңер силер. Айтып койгула да бизге. Эмнеге жашырып жатасыңар? Жеке мага маалымат бергиле», — деди ал.

Ташиев жыйында отургандардын 90%ын жакшы таанырын айтып, алар коррупцияга аралашса ырайым кылбай тураганын эскертти.

Ошондой эле атайын кызматтын башчысы аймактарда аким жана алардын жардамчылары 10-20 миң сом пара алган учурлар «толтура экенин» айтып, аларды этият болууга чакырды.

Акыркы убактарда өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мамлекеттик кызматкерлер менен биригип алып акча опузалаган бир нече окуя катталды.

Буга чейин Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашырганы үчүн Нарын облусу боюнча 22 милиция кызматкери жазаланган.

Жакында эле Ош шаарында эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү мушташып, бир адам каза болгон. Мушташ болгон учур видеого түшүп калып, өлтүрүүнү уюштурган деген шек менен «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалган.

Тема боюнча:

Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашыруу: Нарында 22 милиция кызматкери жазаланды