22-январда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырган АКШнын эки сенаторуна жооп берди.
«“Азаттык медианын” ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергенине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет», — деп билдирди Султанбаев.
Анын белгилешинче, аталган чечим кабыл алынганга чейин министрлик «Азаттык» басылмасына «бир нече жолу кат жөнөтүп, кийинчерээк анын ишмердүүлүгү иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык» токтотулган.
Султанбаев министрликтин аталган кадамын «атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция» деп белгиледи.
«Кыргызстан — көзкарандысыз медиалардын толук кандуу иштешине бардык шарттар бар болгон эркин, демократиялык өлкө. Дагы бир жолу кайталайм, баары үчүн жалгыз талап — иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо», — деп жыйынтыктады президенттин басма сөз катчысы.
Буга чейин, 22-январда америкалык сенаторлор Боб Менендес жана Жим Риш «Азаттыктын» бөгөттөлүшүнө карата тынсыздануусун билдирген. Алар президент Садыр Жапаровду көз карандысыз ЖМКга басым кылууну токтотууга чакырып, «Азаттыкты» бөгөттөөдө сөз эркиндиги боюнча эл аралык нормалар эле эмес, өлкөнүн Конституциясы да бузулуп жатканын белгилешкен.
Сенаторлор президенттин адам укуктарын жана мыйзамдын үстөмдүгүн коргоо боюнча милдеттенмесин эске салып, Жапаровду «кыргыз журналисттери кооптонбой, эркин иштеши үчүн көз карандысыз ЖМКга шарттарды түзүп берүүгө» үндөшкөн.
«Азаттыктын» бөгөттөлүшү
«Азаттык» үналгысынын сайты 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган.
Бирок 26-декабрда, Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берерин айткан.
Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары белгилүү.
Кийинчерээк «Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби бөгөттөлгөн. Финчалгын кызматынан бөгөттөөнүн себебин УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.
Ал эми радионун президенти Жейми Флай министрлик айтып жаткан материалда стандарттар бузулган эмес деген тыянакка келишкенин билдирген. Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгилеген.
ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.
Андан тышкары, 13-октябрда басылманын алдында «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өткөн.
Митингге көпчүлүгү жүзүн жашырган 30дай адам катышкан. Алар «Азаттыкты» «бузуку» жана «батыштын пропагандисти» деп аташкан. Ошондой эле басылма «жалаң гана негатив жазат», маалыматты «туура эмес» же «бир тараптуу берет» деген билдирүүлөр айтылган. Аны менен катар митингчилер «Азаттыкты» кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышты туура эмес чагылдырган деп дагы айыпташкан.
Мэдиаэксперттердин пикиринде, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө — бийликтин көзкарандысыз ЖМКга басымы. Алар бийликтин бул сыяктуу басымы басым улана берет деп эсептешет.