Америкалык сенаторлор кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырды

Америкалык сенаторлор Боб Менендес жана Жим Риш «Азаттыктын» бөгөттөлүшүнө карата тынсыздануусун билдирди. Алар президент Садыр Жапаровду көз карандысыз ЖМКга басым кылууну токтотууга чакырды.

АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар комитетинин сайтына жарыяланган билдирүүдө «Азаттыкты» бөгөттөөдө сөз эркиндиги боюнча эл аралык нормалар эле эмес, өлкөнүн Конституциясы да бузулуп жатканы белгиленген.

«Биз Кыргызстандын өкмөтүн «Азаттык» үналгысына коюлган чектөөлөрдү тез арада алып салууга, эркин жана көз карандысыз ЖМКга багытталган мыйзамсыз чабуулдарды токтотууга жана журналисттерге карата жасалган далили бар бардык коркутууларды иликтөөгө чакырабыз», — дешкен алар.

Сенаторлор президенттин адам укуктарын жана мыйзамдын үстөмдүгүн коргоо боюнча милдеттенмесин эске салып, Жапаровду «кыргыз журналисттери кооптонбой, эркин иштеши үчүн көз карандысыз ЖМКга шарттарды түзүп берүүгө» үндөштү.

«Азаттыктын» бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган.

Бирок 26-декабрда, Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берерин айткан.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары белгилүү.

Кийинчерээк «Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби бөгөттөлгөн. Финчалгын кызматынан бөгөттөөнүн себебин УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми радионун президенти Жейми Флай министрлик айтып жаткан материалда стандарттар бузулган эмес деген тыянакка келишкенин билдирген. Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгилеген.

ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.

«Андан тышкары, 13-октябрда басылманын алдында «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өткөн.

Митингге көпчүлүгү жүзүн жашырган 30дай адам катышкан. Алар «Азаттыкты» «бузуку» жана «батыштын пропагандисти» деп аташкан. Ошондой эле басылма «жалаң гана негатив жазат», маалыматты «туура эмес» же «бир тараптуу берет» деген билдирүүлөр айтылган. Аны менен катар митингчилер «Азаттыкты» кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышты туура эмес чагылдырган деп дагы айыпташкан.

Мэдиаэксперттердин пикиринде, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө — бийликтин көзкарандысыз ЖМКга басымы. Алар бийликтин бул сыяктуу басымы басым улана берет деп эсептешет.