Финансы министрлиги: Өткөн жылы мамкызматкерлердин айлыгы 200%дан жогору көтөрүлдү

Финансы министрлиги Кыргызстанда 2022-жылы айлык акылар 200 пайыздан өйдө көтөрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу маалымат 23-январда министрликтин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, жалпысынан эмгек акыларды жогорулатууда кошумча жылдык керектөө 32,2 млрд сомду түзгөн.

Министрликтен эмгек акылардын орточо өсүшүн төмөндөгүчө тизмектешти:

  • билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин;
  • медицина кызматкерлерине 150% чейин;
  • маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% чейин;
  • социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин;
  • мамлекеттик жарандык кызматчылар 181% чейин;
  • муниципалдык кызматчылар 177% чейин;
  • мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 172% чейин;
  • техникалык тейлөөчү персоналдын 160% чейин;
  • кенже тейлөөчү персоналдын 150% чейин;
  • бош жалданган жана жарандык персоналдын айлык акысы 169% чейин өскөн.

Бийлик мамкызматкерлердин айлыктары көтөрүлүп жатканын айтып келүүдө. Ошол эле учурда өлкөдө азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары өсүүдө. Бир эле мисалды алсак, уй этинин баасы 2022-жылдын башында 482 сом болуп, октябрдын аягында 539 сомго чыккан. Ошондой эле бир нече күн мурда президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын эскертти.


ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров: Мугалимдердин айлыктарын көтөрүү менен бош орундардын 73 пайызы толтурулду