Түндүк-Чыгыш бажысынын имаратында өрт чыкты, жабыркагандар жок

Сүрөт: ӨКМ

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Түндүк-Чыгыш бажысынын имаратында 23-январга караган түнү өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрт имараттын от жагуучу бөлмөсүнөн чыккан. Аны өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, таңкы саат 04:00дө тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен имараттын чатырынын 450 чарчы метр аянты жана ток берүүчү генератору күйүп кеткен. Кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.

Буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы балдар үйүндө өрт чыккан. Маалыматка ылайык, өрт кечки саат 19:00 чамасында башталып, жерине барган ӨКМдин эки өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери 20:13тө чектөөгө алган. 23:08де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.

Автору: Айзада Кубанычбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

ӨКМ: Кара-Жыгач айылындагы балдар үйүндө өрт чыкты, жабыркагандар жок