Энергетика министрлиги: Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүү деңгээли төмөндөй баштады

Учурда энергетиктер болгон күчү менен иштеп, өлкө боюнча энергияны өчүрүүлөр азайгандыгы маалымдалды. Бул тууралуу 24-январда Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

«Энергетиканын алы жетип жаткан учурда өчүрүүлөр болгон жок. Бир гана максимум убагында, тактап айтканда, таңкы саат 06:00-09:00дө жана кечки саат 18:00-21:00дө гана чектөө киргизилип жатат. Азыр өчүрүүлөр дээрлик жок. Абоненттер электр жарыгын өтө көп керектеп койсо айласыздан өчүрүп жатабыз», — деп берди Султанбековдун сөзүн «Кабар» агенттиги.

Мындан тышкары министрдин орун басары Бишкек Жылуулук электр борборунда көмүр жетиштүү болуп, ал туруктуу иштегенин кошумчалады.

Өткөн жылы энергетика тармагын оңдоп-түзөө иштерине бюджеттен жалпы 15 млрд 251,3 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 20-январда Финансы министрлигинен билдиришкен. Маалыматка караганда, жылуулук энергиясына болгон тарифтерди жөнгө салуусу үчүн «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасына 1 млрд 575,5 млн сом бөлүнгөн.

Ызгаардагы жарык өчүрүүлөр

Өлкөнүн көпчүлүк аймагында катуу сууктан улам элетр жарыгы өчүрүлүп келген. Бул тууралуу айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразылыгын байма-бай билдиришкен. Бул нааразычылыкка жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштаган.

Ал эми президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 21-январында электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго май айынан тарта кымбаттай тургандыгын билдирген. Президент электр энергиясынын жабдыктары 80%га эскиргенин, ошондой эле электр тармагынын каразы 137 миллиард сомго жеткендигин баса белгилеген.

Автору: Айзада Кубанычбекова