Маммүлк фонду: MEGA’ны баасы жогору болуп турганда сатып салган оң

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду MEGA («Альфа Телеком» ЖАК) уюлдук операторун компаниянын баасы жогору болуп турганда сатып салган оң деп эсептейт. Бул тууралуу маммүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Парламенттин профилдик комитетинин 23-январдагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашев эгер компанияны сатылбай калса MEGA’нын баасы түшүп кетет деген тобокелдик барбы деп сураган. Бакиров бул рыноктун талабы деп жооп берген.

«Кимде интернет күчтүү болсо келечек ошунуку болуп жатат […] Азыркы конкуренция менен кыргызстандык компаниялардын абалы жакшы эмес. Аналитика кылып туруп, кеңешип, азыр баасы жакшы учурунда [компанияны] сатыш керек», — деди Бакиров.

Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду MEGA’ны 2023-жылы сатууну пландап жатканы, уюлдук оператор 12 млрд сомго бааланганы маалымдалган.

Бирок, кийинчерээк президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев MEGA мамлекеттин башкаруусунда калат деп билдирген. Анын айтымында, уюлдук операторду Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы башкарат.

2014-жылы мамлекеттин менчигине өткөн бул уюлдук операторду бийлик бир топ жылдан бери эле сатууга аракет кылып келет, бирок азырынча майнап чыга элек.