Айбек Бузурманкуловдун жубайына үч миң сом айып салынды

24-январда Биринчи май райондук соту Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонованы үч миң сом айыпка жыкты. Бул маалыматты «Клоопко» Биринчи май райондук соту тастыктады.

Маалыматка ылайык, сот Солтоновага 10-январда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууну талап кылган митингде милицияга баш ийбегени үчүн айып таккан. Айып пулдун суммасы 30 эсептик көрсөткүчтү же 3000 сомду түзгөн.

Буга чейин ошол митингге катышкан активист Өндүрүш Токтонасыровго да 3000 сом айып салынган.

10-январда, милиция Кемпир-Абад иши боюнча камактагы активист жана саясатчыларды колдоо митингине чыккан 30дай кишини кармап кеткен.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды колдоо митинги

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды колдоо митинги 10-январда өткөн. Кармалгандардын акцияга чогулган туугандары жана тааныштары жөө жүрүшүн ИИМдин алдынан башташмак.

Бирок милиция акция башталганга чейин эле ИИМдин алдында митинг кылууга болбостугун билдиришкен. Алар буга үч себепти келтиришкен: Горький атындагы гүлбактан башка бардык жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынган, ИИМдин имараты — стратегиялык объект, имараттын алдында аскерлердин саптык текшерүүсү өтмөк.

Акциянын катышуучулары макул болуп, плакаттарын алып Горький паркына бет алышкан. Плакаттарга камактагылардын сүрөттөрү жана аларды бошотуу талаптары түшүрүлгөн. Ал эми милиционерлер плакаттарды алууну талап кылышкан.

Митингчилер Жогорку соттун имаратына жеткенде ИИМ кызматкерлери 30дай кишини кармап, Биринчи май РИИБне алып кеткен.

Кийинчерээк адвокат Чынара Жакупбекова милиционерлер кармалгандардан түшүнүк кат алып, коё беришкенин билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык, «Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу» жана «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренелеринин негизинде протокол түзүлгөн. Митингге чыккан беш кишинин иши сотко өткөрүлгөн.

Тема боюнча:

Кемпир-Абад иши: Сот активист Токтонасыровго абактагыларды колдоп митингге чыкканы үчүн айып салды

Кемпир-Абад иши боюнча камактагыларды колдоо митингине чыккан 30дай киши кармалды