Видео: Камактан чыккан Болот Назаровго эми чындап ат мингизишти

Төкмө акын Болот Назаровго жылкы белек кылышты. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Ал «Айтыш» фондунун акындары, коомдук ишмерлер жана башка Назаровдун чыгармачыл жаатындагы кесиптештери акындын башын куттуктаганын жазган.

24-январда Чүй облусунун Москва райондук соту тараптардын макулдашууга жетишкендигинин негизинде акын Болот Назаровдун уурдо боюнча кылмыш ишин кыскартып, камактан бошоткон.

Акынга карата кылмыш иши ат үчүн козголгон. Милициянын версиясы боюнча, аларга Беловодское айылынын тургуну кайрылып, Назаров анын жашы жете элек уулунан минип жүргөн атын сүрөткө түшүп алайын деген шылтоо менен сурап алып, өспүрүмгө «күч колдонуп, белгисиз тарапка чаптырып» кеткенин билдирген. Назаров ТИЗО-1ге камакка алынган.

Көп өтпөй Назаров менен кызматташкан журналист Болот Темиров «акын жылкыны чындап эле ага белек кылышкан деп ойлогонун», андай эмес экенин укканда аны кайтарып бергенин жазган.

2022-жылдын 9-ноябрында тоноочулукка шектелип кармалган. Ошол эле кезде бул иш боюнча жабырлануучу катары көрсөтүлгөн адам моралдык жана материалдык доо коюудан баш тарткан, бирок судья ишти жаппоону чечип, Назаров ТИЗОдо болжол менен үч ай отуруп чыккан.