Сот акын Болот Назаровдун тоноо боюнча кылмыш ишин токтотуп, аны сот залынан бошотту

Төкмө акын Болот Назаров, 24-январь. Сүрөт: Айбек Бийбосунов / Azattyk

24-январда Чүй облусунун Москва райондук соту акын Болот Назаровдун кылмыш ишин кыскартып, камактан бошотту. Бул маалыматты «Клоопко» райондук соттон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, райондук сот Назаровду жабырлануучу жана айыпталуучу тарап макулдашууга жетишкендигине байланыштуу актады.

Төкмө акындын адвокаты Бакыт Автандил Назаров эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде 10 күндүн ичинде турган үйүнөн кете албасын айтты.

«Сот ишти кайра карап чыгып, Болот Назаров тарабынан күч колдонуу болбогону тууралуу фактыны кабылдап, тараптардын келишими менен ишти кыскартты. Москва райондук сотунун бул өкүмү калысыраак болду деген ойдобуз, анткени биз канча айдан бери тосмо арыз бар экенине байланыштуу иштин токтотулушу керек экенин айтып келе жатканбыз. Бирок райондук сот мына азыр гана муну эске алып, мыйзамдуу түрдө чечим чыгарды», — деп билдирди Назаровдун жактоочусу.

Буга чейин, 23-январда мамлекеттик айыптоочу төкмө акынды 10 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Назаров 2022-жылдын 9-ноябрында тоноочулукка шектелип кармалган.

Милициянын версиясы боюнча, аларга Беловодское айылынын тургуну кайрылып, Назаров анын жашы жете элек уулунан минип жүргөн атын сүрөткө түшүп алайын деген шылтоо менен сурап алып, өспүрүмгө «күч колдонуп, белгисиз тарапка чаптырып» кеткенин билдирген. Назаров ТИЗО-1ге камакка алынган.

Көп өтпөй Назаров менен кызматташкан журналист Болот Темиров «акын жылкыны чындап эле ага белек кылышкан деп ойлогонун», андай эмес экенин укканда аны кайтарып бергенин жазган. Ошол эле кезде бул иш боюнча жабырлануучу катары көрсөтүлгөн адам моралдык жана материалдык доо коюудан баш тарткан, бирок судья ишти жаппоону чечкен.

Назаровго козголгон кылмыш иштери

Назаровго буга чейин дагы кылмыш иштери козголгон. Ал УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир-туугандары жөнүндөгү иликтөө чыккандан кийин 2022-жылы 22-январда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу да кармалган.

Кармоо учурунда Назаров менен Темировдон баңгизат табылды делген. Темиров баштыктагы гашишти аларга «салып» кетишкен деген. Кармалгандар «баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын түрлөрүн сатуу максатында мыйзамсыз жасоого» шектелишкен. Эртеси күнү журналистти жана акынды эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотушкан.

2022-жылдын 28-сентябрында Свердлов райондук соту Темировдун иши боюнча чечим чыгарган. Судья аны баңгизат сактоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланышкан иштер боюнча актаган, бирок документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок судья иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгилеген эмес.

Кийинчирээк Бишкек шаардык соту Темировду кыргыз паспорту жокко чыгарылгандыгына байланыштуу өлкөдөн чыгарып салуу чечкен. Сот отуруму бүтөрү менен Темировду күчтөп аэропортко жеткирип, Орусияга депортация кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Прокурор төкмө акын Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды

Бир кадр менен: Акын Болот Назаров камакта