Ош: Кара-Сууда белгисиз бирөөлөр ок чыгарып, эки киши ооруканага түштү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында белгисиз бирөөлөр эки кишиге ок чыгарып, жабыркагандар ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Клоопко» 28-январда Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 27-январда кечки саат 19:15 чамасында болгон. Анда 30-35 жаштагы бегисиз бирөөлөр Нариман айылындагы тургундун үйүнө «Мересед-Бенц-Вито» үлгүсүндөгү унаа менен келишкен.

Үйдүн ээси унаасы менен сыртка чыгып бара жатканда, шектүүлөр аларга карата ок чыгарып, качып кетишкен. Натыйжада 32 жаштагы үй ээсинин ичине, жанындагы шеригинин бутуна ок тийип, шаардык ооруканага жеткирилген.

Милиция шектүүлөрдү издеп, саат 23:21 чамасында аларга тиешелүү унааны Ак-Буура дарыясындагы көпүрөдөн табышкан. Унаа айып короосуна токтотулган, бирок шектүүлөрдүн кайда экени аныкталган эмес.

Ош ШИИБден азыркы тапта шектүүлөрдү кармоо боюнча аракеттер жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Буга чейин, 12-январда Ош шаарында эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү мушташып, бир адам каза болгон. Маркумдун 28 жаштагы шериги тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаганы кабарланган.

Ал эми өлтүрүүнү уюштурган деген шек менен «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалган.

Тема боюнча:

Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды