Европа банкы өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу сунушун караштырууга даяр

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы президенттин өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу сунушун караштырууга даяр. Бул тууралуу Улуу Британиядагы кыргыз элчиси Улан Жусупов менен банктын башкы катчысы Казухико Когучинин 27-январдагы жолугушуусунда айтылды.

Лондондо өткөн жолугушууда элчи башкы катчыга Жапаровдун тышкы карызды «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу сунушун түшүндүрүп, Кыргызстан чоң гидропотенциалга ээ экенин айтты.

«Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшүнө жана “жашыл өнүгүүгө” каршы күрөшүүнүн негизги механизми бул анын бай гидропотенциалы болуп саналат. Бүгүнкү күндө анын 10%ы гана пайдаланылып жатат, анткени ал олуттуу инвестицияны талап кылат», — деди Жусупов.

Ал эми Когучи банк сунуштарды кароого даяр экенин билдирди. Ал Кыргызстанда «жашыл» долбоорлорду ишке ашырууга, энергетиканы модернизациялоого кызыктар экенин кошумчалады.

Жолугушууда кыргыз бийлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына чакан ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду сунуштады. Анын ичинде Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча долбоор да бар.

Үстүбүздөгү жылдын 8-январында Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлорго алмаштырууну сунуштаган. Президент учурда өлкөнүн тышкы карызы 4,2 млрд АКШ доллардын тегереги экенин кошумчалаган.

Тема боюнча:

Жапаров өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу керектигин айтты