Балдарды 1-класска электрондук каттоо апрель айында башталат

Кыргызстанда балдарды 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталат. Бул туралуу 31-январда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, каттоо биринчи этапта балдарды катталган жери боюнча, экинчи баскычта ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

«Мектепке» электрондук кабыл алуу системасына бала окуу жылынын башында 6 жашка толсо гана кабыл алынат. Каттоо үчүн төмөнкү сайтка кирүү керек: mektep.edu.gov.kg

Былтыр балдарды электрондук каттоо үзгүлтүккө учурап, көпчүлүк ата-энелер сайттагы мүчүлүштүктөрдү соцтармактарга жазып чыгышкан. Каттоонун формасында айрым учурларда аларды таң калдырган суроолор болгон, мисалы депутат Дастан Бекешев сайттын скриншотун жарыялап, анда арыз толтурулуучу жерде «Кто ты, детка» деген түшүнүксүз графа бар экенине таң калган.

Анда Инфоком ишканасынан бул Google’дын «сиз баланын кимиси болосуз?» же «кем вы приходитесь ребенку?» деген жеринин автоматтык котормосу болуп калган деп түшүндүрүшкөн.

Билим берүү министрлиги мектептерге электрондук каттоону 2019-жылдын февралында ишке киргизген. Каттоо дагы, баланы мектепке киргизүү дагы бекер. Ата-энеси баласын каалаган мектепке жаздыргандан кийин арызынын статусун онлайн текшере алат. Баланын мектепке тапшыртуу арызын ата-эне гана эмес, ага камкорчулук кылган туугандары да бере алышат.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт ОТРКнын сайтынан алынды.

Автору: Албина Жыргалбек кызы