Нарматова медициналык кароого алып келинди, жүрөгүн тартыраары менен ТИЗОго кайтарылат

ТИЗОдо ачкачылык жарыялаган экс-депутат Орозайым Нарматова ден соолугун текшертүү үчүн жеке медициналык борборго алынып келинди. Бул тууралуу жактоочусу Гуляна Убалиева билдирди.

«Бүгүн эртең менен эси ооп жыгылды, өткөн ишембиде кардиограммада тахикардияны аныктаган. Ошондуктан аны медициналык кароодон өткөрөлү деп чечтик, бирок бүгүн кайра эле ТИЗОго кайтарылат», — деди жактоочусу.

Анын айтымында, медициналык борбордо Нарматованын жүрөгү УЗИге тартылат.

Көз карандысыз дарыгер Бермет Барыктабасованын корутундусунда Нарматованын абалы канааттандыраарлык эмес деп жазды. Анын айтымында, экс-депутат шайы кетип, дем жетпей, жүрөгү жана көкүрөгү кысылып, суу ичкенде кусуп, ичи жана башы ооруп жатканын айтып даттанган.

«Үнү киркиреп, аста чыгып калыптыр. Араң, онтоп,“картаң” кишидей басып жатат. Кан басымы туруктуу эмес, бирде 80/60ка түшүп, бирде 140/80 чыгып жатат (тез жардам келген). Өңү купкуу болуп, тырмактарынын үстү агарып, колу-бутунун учу муздак тартып, тилин ак тартып кеткен», — деп билдирди дарыгер.

Барыктабасава ачкачылыктын беш күнүнүндө Нарматова 5 килограммга арыктап кеткенин да жазды.

«Кыз гормондук жана аялдардын репродуктивдик системасына, жалпы эле организмге кесепети тиерин түшүнөт. Ачкачылык аркылуу камакка алынганына, тагылган айыптарга тап-такыр каршы экенин билдирип жатат. Ачкачылыкты улантууну көздөйт», — деп жазды эксперт.

Ачкачылык жарыялагандардын арасынан баарынан да экс-депутат Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы начар болууда. Укук коргоочулар аялдарга бир нече жолу медициналык жардам көрсөтүүнү суранып кайрылышкан, эгер аларга меджардам көрсөтүлбөсө ал кыйноого тете болорун билдиришкен.

Ал эми Жазаларды аткаруу кызматынан «иштери көптүгүн» айтып, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын абалы боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Саясий ачкачылык

Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартова соттун аларды 20-февралга чейин ТИЗОдо калтыруу чечимине нааразылык билдирип саясий ачкачылык жарыялашкан. Алар ачкачылыкты 14-декабрда башташкан. Кийинчерээк ачкачылыкка Кемпир-Абад иши боюнча фигуранттардын 10дон ашыгы кошулган.

Алардын баары ТИЗОдон бошотууну жана аларга карата массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш ишин токтотууну талап кылышууда. Айыпталып жаткандардын баары бул ишти токулган жана жасалмаланган деп аташууда.

Ошондой эле нааразылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочулар октябрдын аягында кармалган. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активист жапырт кармалганын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүштү» деп эсептейт. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.