Ош: Жогорку сот кызды өлтүрүп, короосуна көмүп салган Назаралиевди өмүр бою эркинен ажыратты

Жогорку Сот 22 жаштагы Медияна Талантбекованы өлтүрүп, короосуна көмүп койгон 25 жаштагы Абдулбасит Назаралиевди өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Сот отуруму 1-февралда өттү.

Айыпталуучунун жактоочулары Жогорку сотко кассациялык арыз берип, буга чейин кабыл алынган Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгаруун жана иштин квалификациясын алмаштырып, Назаралиевди 15 жылга кесүүнү өтүнгөн.

Бирок сот коллегиясы ишти «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча калтырып, мурдагы инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу Динара Турдуматова айыпталуучу тарап кылмышкердин «жашы жана мурда соттолбогонун эске алуу менен жеңилдетилген жаза берилишин талап кылганын» белгиледи.

Аны менен катар ал, «кылмыш иши өзгөчө оор мыкаачылык менен жасалганына байланыштуу соттун чечими калыс болгонун» кошумчалады.

Маркумдун апасы Гүлмайрам Мамарасулова соттун чечимине ыраазы экенин айтып, кызынын өлүмүнөн «бир жылдан кийин акыйкаттык орногонун» белгиледи.

«Бул баланын жазасы өмүр бою түрмөдө жатуу. Биз кандай кыйынчылыктар менен кызыбызды багып чоңойттук эле. Эми мындай мыкаачылардын коомго аралашып жүргөнү акысы жок да. Мына кечээ 30дай адамды чакырып, Куран окуп, андан кийин [жолго] чыктык», — деди ал.

Медиянанын атасы Талантбек Эргешов кызынын өлүмүнө ишене албай, аны дагы эле күтүп жүргөнүн айтты.

«Бир жыл сүдүрөп жүрүштү. Мына акыйкат бар экен. [...] Эң жаман... Кызымды күндө күтөм. “Ана келип калат, мына келип калат” деп», — деп билдирди маркумдун атасы.

Медиянанын өлтүрүлүшү

Ош облустук соту, 2022-жылдын 30-сентябры. Сүрөт: Айжамал Түгөлбай кызы / Kloop

Медиянанын өлтүрүлүшү тууралуу 2022-жылдын февраль айында белгилүү болгон. Атасы укук коргоо органдарына кайрылып, кызы 30-январдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Милиция кылмышка шектүү катары анын сүйлөшүп жүргөн жигитин кармаган. 8-февралда Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы шектүүнүн жашаган үйү кароого алынып, 35-40 см тереңдикте казылган чуңкурдан кыздын сөөгү табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу маркум менен жакын мамиледе болуп, 2021-жылдын декабрь айында «бир жолу жыныстык катнашка барганын» айтып, ошондой эле күнөөсүн толугу менен моюндаган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, жабырлануучу көкүрөгүнөн 9 жолу, киндик тарабынан 1 жолу жаракат алган. Ал эми моюну толугу менен жабыр көргөн. Ошондой эле жабырлануучунун 7 апталык кош бойлуу болгону аныкталган.

Мындан улам «Кош бойлуу аялды мыкаачылык менен өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми июль айында Кара-Суу райондук соту шектүүнү үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыраткан. Буга маркумдун жакындары нааразы болуп, апелляциялык даттануу беришкен.

Ош облустук соту 30-сентябрда 24 жаштагы Абдулбасит Назаралиевди өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: 22 жаштагы кызды өлтүрүп, короосуна көмүп койгон киши өмүр бою эркинен ажыратылды