Султанбаев Бишкекке «Белес» компаниясынан эмес, Кытайдан автобус алуунун себебин айтты

Архивдик сүрөт: «Акипресс»

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 120 автобус эмне себептен Кытайдан алынганы тууралуу комментарий берди. Буга чейин соцтармакта эмне себептен жергиликтүү «Белес» компаниясынан автобустарды алса болбойт деген кептер айтылган болчу.

Султанбаев борбор калаанын мэриясы ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко басым жасап жаткандыктан, газ менен жүрүүчү транспортко артыкчылык бергенин айтты.

«Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. “Белес” менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Анын үстүнө "Белес" массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок», — деп белгиледи Султанбаев.

Аны менен катар, жергиликтүү компания дагы учурда газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын» кошумчалады. Анын айтымында, иштин жыйынтыгында мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн сатып алат.

«Белес» жана бийликтин күмөнү

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февраль айынын орто ченинде алгачкы атамекендик автобусту кураган «Белес» компаниясына барган.

Анда Жапаров бийлик атамекендик өндүрүүчүлөрдү алгачкы 10 автобусту сатып алуу менен колдой турганын убадалаган. Президент эгер алардын эксплуатациясы ийгиликтүү деп табылса, «Белес» менен туруктуу негизде кызматташуу болот деп айткан.

Бирок парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Максат Нусубалиев муниципалитет азырынча BELES компаниясынан алгачкы жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга даяр эместигин айткан. Ал буга автобустардын өтө кымбаттыгы менен сапат сертификатынын жоктугу негизги себеп экенин билдирген.

Нусубалиев ишкана эгер 500 автобус сатып алынса бааны 178 миң еврого чейин түшүүргө макул болгонун кошумчалаган. Бирок ал дүйнөлүк бренддердин баасы алда канча төмөн экенин эске алганда, «бул дагы өтө эле кымбат» деген болчу.

Ал эми Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен жергиликтүү автобустарды сатып алууга тоскоолдук кылган башка дагы себептер бар экенин кошумчалаган.

Анын айтымында, банк рынокто үч жылдан ашык убакыттан бери иштеп келген жана кепилдик мөөнөтү узартылган компаниялардын унааларын алып берүүгө даяр. Ал эми «Белес» сунуштаган автобустардын кепилдик мөөнөтү аз жана кыймылдаткычтары газ менен иштейт.

Абдиев мэрия жергиликтүү бюджеттен автобустарды сатып алууга 1 млрд сомго тендер жарыялаганын, ага эгерде сапат сертификатын алса «Белес» компаниясы дагы катыша аларын билдирген.

Жыйынтыгында профилдик комитет мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген.

Кийинчерээк, июнь айында, Бишкек мэриясы атамекендик «Белес» компаниясынан газ кыймылдаткычы бар беш автобус сатып алууну чечкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек мэриясы атамекендик BELES автобусунан бешти сатып ала турган болду

Садыр Жапаров «Белес» автобустарын сатып алуу боюнча комментарий берди