АКШ элчиси: Сөз жана ЖМК эркиндиги Кыргызстанды Борбор Азияда уникалдуу өлкө кылып турат

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу жагдайга комментарий берди. Ал «көз карандысыз медиалардын чеги кеңейиши керек» деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24.kg басылмасына курган маегинде айтты.

Ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс дагы «Азаттыктын» бөгөттөлүшү боюнча тынчсыздануусун билдиргенин эске салды.

«Бирок өз оюмду айткым келет. Сөз эркиндиги менен көз карандысыз ЖМК Кыргызстандын башкалардан айырмаланып турган мүнөздөрүнүн бири, ал өлкөнү Борбордук Азия уникалдуу кылып турат», — деп эсептейт Вигери.

Элчи чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууну сунуштап жаткан депутат Надира Нарматованын демилгеси тууралуу дагы оюн айтты. 2-февралда бул демилге тууралуу Нарматованын кесиптеши Шайлообек Атазов да эске салган.

«Ооба, мен бул мыйзам долбоорун билем, жарандык коом бул алардын ишмердигин чектеп коёт деп тынчсызданып жатканын дагы билем. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар АКШнын өтө маанилүү өнөктөштөрү. Ошондуктан биз бул жерде саламаттык сактоо жана билим берүү жаатында жасай ала турган иштерибиздин көбү бейөкмөт уюмдар тармагы менен тыгыз иштеше алуу жөндөмүбүздөн көз каранды », — деди элчи.

Вигери бейөкмөт уюмдардын жардамы менен АКШ медицина тармагын жакшыртып, англис тилин окутуу программаларын кеңейте аларын белгиледи. Элчинин айтымында, «мындай жааттагы иштер Кыргызстандын элине пайда гана алып келет. Бейөкмөт уюмдар душман эмес, өнөктөш катары кабылданышы керек».

Дагы окуңуз: Кыргызстандын бийлиги «Клооптогу» макаланы өчүрүүнү талап кылууда. «Клооп», албетте аны өчүрбөйт

«Азаттыктын» эсебин бөгөттөө: Шаардык сот УКМКга каршы арызды канааттандырган жок

CPJ сөз эркиндигине басым болуп жаткандыктан Садыр Жапаров менен жолугушууну суранды