«Жаштарды бузуп жатышат». Атазов «чет элдик тыңчы» мыйзамын кабыл алууну дагы бир жолу суранды

Депутат Шайлообек Атазов парламенттин 2-февралдагы жыйынында кайрадан чет элдик тыңчы делген мыйзамды кабыл алууну талап кылды. Анын пикиринде, Кыргызстанда батыштын саясатын жайылтып, жаштардын оюн интернет аркылуу бузган уюмдар бар.

«Мамлекеттин идеалогиясына, улуттук баалуулуктарыбызга, салтыбызга, наркыбызга сокку уруп жаткан уюмдар бар. Биздин мамлекетибиздин туруктуулугуна терс таасирин тийгизген, керек болсо, мамлекетке душмандар колсо салса дагы, алар тарапты колдоп жазып, жарыялаган сайттар бар. Буларга чекит коюуга, буларды эркин маалыматтарды, улуттук баалулуктарга балта чабып жатканына көңүл бурушубуз керек», — деди Атазов.

Эл өкүлү батыштын саясатын жайылтып, «интернет аркылуу жаштардын психологиясын бурмалаган» айрым уюмдар бар деп эсептейт.

«Ошондуктан биздин урматуу депутат демилгелеген чет олколук тынчыларга баа бере турган мыйзам долбоору ЖКнын сайтында турат. Депутатыбыз Надира Нарматова жана бир канча депутататтар демилгелеген. Ушуну алып чыгып эртерээк кабыл алышыбыз керек деп эсептейм. Себеп дегенде ушу жаштарыбыз бурулуп кеткенден кийин өтө кеч болуп калат», — деп эсептейт депутат.

Муну менен бирге Атазов «мамлекеттин эгемендүүлүгүнө сокку уруп аткан уюмдарга» өзүнүн нараазычылыгын билдирген «патриотторду» дагы мисал келтирди. Депутат аталган патриотторго маалымат жыйында өз пикирин билдирип жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Атазов «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрүнүн маалымат жыйынын айтып жатса керек. Алар 31-январда «Акипресстин» маалыматтык борборунда чет элдик тыңчы мыйзамын кабыл алып, «Сорос Кыргызстан» коомдук фондун жабууну талап кылышкан.

Аталган партиянын өкүлдөрүнүн бири — саясий блогер Илимбек Исраилов. Ал депутат Шайлообек Атазовдун тарапташы. Ал ошондой эле Садыр Жапаров абакта отурганда аны колдогон митингдерге жана Матраимовду колдогон акцияларга да катышып келген.

Исраилов 2021-жылдын мартында аны колдоо жана өкмөттүк эмес уюмдарга каршы Оштогу митингге катышкан. Аталган митингде ал «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык кылууга аракет кылган.

Исраилов 2022-жылдын октябрында НПОго каршы, анын ичинде «Клоопту», «Азаттыкты» жана Kaktus.media’ны жаабуу талабы айтылган «Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митингде дагы модератор болгон.

Чет өлкөлүк чыңчылар тууралуу мыйзам

«Чет элдик тыңчылар» деп аталган мыйзам долбоорун кээ бир депутаттар көптөр бери эле кабыл алууну талап кылып келишет. Аны депутат Надира Нарматова Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев менен бирге 2014-жылы эле демилгелеген. Ал кезде үчөө тең парламенттин бешинчи чакырылышын депутаты болгон.

«Сырттан каржыланган ЖМКлар, бейөкмөт уюмдар эмне кылып жүргөнүн эч ким билбейт. Ошондуктан мамлекеттик көзөмөл болушу керек. Мамлекетте темирдей тартип болбосо, өсүп-өнүгө албайбыз. Күнүгө

Документке ылайык, «саясий ишмердүүлүк менен алектенген» коммерциялык эмес уюмдарга «чет өлкөлүк агент» деген макам берилмек. Мыйзам долбоору эки окуудан кабыл алынган, бирок 2016-жылы жаңы — алтынчы чакырылыштын депутаттарынын колдоосун тапкан эмес.

Дагы окууңуз:

«Чет элдик агенттер» мыйзамынын демилгечиси Надира Нарматова тууралуу эмне белгилүү

Коммерциялык эмес уюмдарды киши өлтүргүчкө теңейт. Жарандык коом Нарматованын мыйзамына каршы