ИИМ: Болот Темиров Кыргызстанда төрөлгөн, бирок кыргыз жараны эмес

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылганы тууралуу маселе көтөрдү. Анда Бекешев Баш мыйзамдын 51-беренесин кайрадан эске салып, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге «Болот Темиров биздин жаранбы» деп суроо салды.

«Анын Кыргызстанда “мыйзамсыз алган” паспорттору жараксыз деп табылгандыктан [Орусияга чыгарылды]. Ал кыргыз жараны эмес», — деди министрдин орун басары.

Депутат журналист Болот Темиров Кыргызстанда төрөлгөнүн белгиледи. Анда Абдиев Темировдун Кыргызстанда төрөлгөнүн тастыктап, бирок «кичинекей кезинде Орусияга көчүп кеткен экен, ошол жактан паспорт алган» деп айтты.

Ошондой эле Абдиев быйылкы жылдын эсебинен 13 чет өлкөлүк жаран сыртка чыгарылганын билдирип, мындай учурда «жарандардын коопсуздугу үчүн милиция коштоп барат» деп кошумчалады.

Бекешев сыртка чыгаруу чечими кабыл алынган соң жаранга кийим-кечегин жана керектүү буюмдарын алганга да убакыт берилбейби деп суроо салды. Абдиев сот өкүмү чыккандан кийин дароо күчүнө кирерин айтып жооп берди.

Темировду депортациялоо

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду. 24-ноябрда Темировдун жубайы иликтөөчү журналист Москвада туугандары менен экенин билдирген.

Кийинчерээк иликтөөчү журналист өзү маек куруп, эл аралык сотко кайрыларын айткан.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми

Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Болот Темировдун жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат