Ош мэриясынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери. Коллаж: Kloop

Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, жалгыз аял вице-мэр кызматтан кетти. Ошондой эле калаа башчысынын басма сөз катчысы жана аппарат жетекчиси алмашты.

Рыскулова кызматын тапшырып, Кадыров ордуна кайтты

Мэриядан «Клоопко» билдиришкендей, Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болгон Венера Рыскулова кызматтан кетип, ордуна бул кызматта мурда иштеген Нурбек Кадыров келди.

Кадыров вице-мэр болуп иштеп жүрүп, бирок 2020-жылы Жапонияга окууга кеткен. Анда анын кызмат орду сакталып, Кадыров окуусун бүтүп келгенде — 2022-жылдын 3-октябрында жумушка чыкмай болгон.

Ал арада Оштун эки мэри алмашты, ал эми Кадыров кайткандан бери бул маселе боюнча кызуу талкуу жаралып келген. Калаага өткөн жылдын аягында мэр болуп дайындалган Бакытбек Жетигенов иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде Кадыров ордуна кайтаарын айткан.

Венера Рыскулова Ош шаарында вице-мэр болуп 2021-жылдын 21-сентябрынан бери иштеп келе жаткан. Ошол учурда мэр болгон Алмаз Мамбетов мэрияда аял кызматкерлер аз болгонуна «таң калганын» айтып, социалдык маселелер боюнча вице-мэр аял болушу керек деп белгилеген.

Дагы окуңуз:

«Аялдарга эмне жок?» «Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү

Бир кадр менен: Мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы гендердик теңсиздик

Рыскулова өзү ишмердүүлүгүндө бир нече жолу «айланасында интрига болуп, каралоолорго кабылып жатканын» айтып келген.

2-февралда ал Фейсбук барагында пост жазып, аны колдогон мэриянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мэр Бакытбек Жетигеновго ийгилик каалады.

«Социалдык чөйрөдө башталган реформаларга максималдуу пайда алып келүүгө аракет кылдым. Баары али алдыда, миссиям бүтө электигине ишенем. Менин милдетим — мекениме, элибиз үчүн ак ниет кызмат кылуу. Көрүшкөнчө», — деп жазды ал.

Мэрдин жаңы басма сөз катчысы жана аппарат жетекчиси

Ош мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси да алмашты. Мурда бул кызматты Азамат Жээнбеков аркаласа, эми Жумамидин Сулайманкулов иштейт.

Сулайманкулов буга чейин ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчисинин орун басары болгон. Андан соң Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келген.

Ал эми буга чейинки басма сөз катчы Азамат Жээнбеков январдын аягында өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Азат Кубатбек уулу дайындалды. Ал буга чейин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ал эми аталган кызматта буга чейин иштеген Камчыбек Досматов 9-январда өз каалоосу менен жумуштан кеткенин жарыялаган.

2022-жылдын 29-ноябрында Ош шаарында мэр алмашкан. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен мурдагы мэр Алмаз Мамбетов кызматынан кетип, кызматка Бакытбек Жетигенов келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Калаа башчысы мэрияда кландык башкаруу бар экенин билдирди