Кыргызстан Тажикстандын авиакаттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди

Кыргыз бийлиги Тажикстандын Дүйшөмбү — Үрүмчү — Дүйшөмбү каттамы үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Мекемеден «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Кыргызстанга 5-февралдан тарта Дүйшөмбү — Новосибирск — Дүйшөмбү, ал эми 8-февралдан 21-мартка чейин Дүйшөмбү — Үрүмчү — Дүйшөмбү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылганын белгилешти.

Жарандык авиация агенттиги тажик тарап каттам үчүн Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактарын колдонорун кошумчалады.

2021-жылы 29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, 36 кыргыз жараны курман болгон. Андан көп өтпөй эле Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик негизде жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маалымдаган.

Чектөөлөргө байланыштуу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан «Манас» эл аралык аэропортуна учуп келген «Сомон Эйр» чартердик рейси кайра артка кайтарылган учурлар да катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дүйшөмбүдөн «Манас» аэропортуна учуп келген 177 тажик жараны кайра артка кайтарылды