Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаков күбө катары чакыртылганын билдирди

Ыдырыс Исаков

Ош шаардык милициясы иликтөөчү журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылышы тууралуу түшүндүрмө берип, анын күбө катары суралганын айтты. Бул тууралуу мекемеден 6-февралда билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада TikTok соцтармагына «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз, ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген баштема менен кыска видео жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы пайдаланылган.

«Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков 5-февраль күнү Ош ШИИБнин тергөө кызматына күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалганы жана кайсыл уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жатканы суралды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Исаков көрсөтмөдө видеонун ээси «Альберт» деген жаранды тааныбай турганын, аталган видео «2020-жылдагы кайрылуусунан алынып белгисиз адамдар тарабынан монтаждалганын жана кайсыл уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жатканын билбейт экенин» айткан. Ал бир саатка жетпеген убактытка суракка алынган.

Буга чейин, 5-февралда иликтөөчү журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун төрт жыл мурда Садыр Жапаров боюнча айткан видеосу үчүн милицияга суракка чакырылганы айтылган.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл «Азаттык» үналгысында иштеп, 2019-жылы ал жактан кетип, өзүнүн YouTube каналын ачкан. Учурда ал социалдык көйгөйлөрдөн тарта иликтөөлөргө чейин сюжеттерди чыгарууну улантууда, каналына 400 миңден ашуун адам катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды