АРИС «Клооптун» үстүнөн жазган арызын кайтарып алды

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) «Клооптун» макаласына каршы арызын чакыртып алды. Дал ошол кайрылуунун негизинде Маданият министрлиги басылманын сайты бөгөттөлөт деп эскерткен болчу.

Маданият министрлигинин катында АРИС арызын 2-февралда эле чакыртып алганы айтылат. Анткен менен ведомство «Клооптун» сурамы менен бул боюнча расмий катын бүгүн гана жиберди.  

«[Ушуга байланыштуу], Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) kloop.kg’нин редакциясына карата кайрылуусу боюнча административдик процедура токтотулду», — деп белгиленет документте.

АРИС «Клооптун» макаласынын үстүнөн даттанганы тууралуу 1-февралда белгилүү болгон. Анда редакциянын почтасына «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» деп аталган макаланы өчүрүү талабы менен эки кат алган. Маморгандар жазган катта материалда «анык эмес (жалган) маалымат» камтылганын белгилешкен. Эгер талап аткарылбаса Маданият министрлиги «kloop.kg’нин сайтынын ишин эки айга чейин бөгөттөй» турганы эскертилген.

Ага чейин АРИСтин өкүлдөрү журналисттерден макаланын баш темасын алмаштырууну талап кылышкан, себеби аны туура эмес деп эсептешкен.

«Клооп» Маданият министрлигинин катына материал өчүрүлбөйт деп жооп берген.