«Кошумча суроолор бар». Ош милициясы Исаковду кайрадан суракка чакырды

Ыдырыс Исаков

Ош ШИИБи иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду 6-февралда кайрадан суракка чакырды. Бул тууралуу журналист өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.

«Кечээки сурак чала болуп калыптыр. Ошого милиция бүгүн дагы чакырып атат. Кошумча суроолор бар дешти. Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, тергөөчүлөр бекер калгандай болуп милициянын менин аракетимен кылмыштын курамын издеп аткандай. Мен ушу бийлик дегенди түшүнө албайм. Көксөгөн бийликке жеткенден кийин мурчуюп отуруп жумушту кыла берсе эмне болот? Же менин Жапаров президент болгонго чейинки сөзүм эми бирдемени чечеби? Кырдаалга эми таасир этеби?», — деп жазды ал.

Ош милициясынан «Клоопко» маалыматты тастыктап, тергөөчүнүн кошумча суроолору бар экенин билдиришти.

Исаков 5-февралда төрт жыл мурда Садыр Жапаров боюнча айткан видеосу үчүн милицияга суракка чакырылган. Милиция өткөн жумада TikTok соцтармагына «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз, ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген баштема менен кыска видео жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы пайдаланылганын билдирген.

«Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков 5-февраль күнү Ош ШИИБнин тергөө кызматына күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалганы жана кайсыл уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жатканы суралды», — деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.

Исаков өзү Альберт аттуу жаранды тааныбай турганын, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болгонун билбей турганын айткан.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл «Азаттык» үналгысында иштеп, 2019-жылы ал жактан кетип, өзүнүн YouTube каналын ачкан. Учурда ал социалдык көйгөйлөрдөн тарта иликтөөлөргө чейин сюжеттерди чыгарууну улантууда, каналына 400 миңден ашуун адам катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды