Марат Тагаев жана Айнура Аскарова маданият министринин орун басарлары болду

Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

«Азаттыктын» мурдагы кабарчысы Марат Тагаев жана мурдагы депутат Айнура Аскарова маданият министринин орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буйруктарга төрага Акылбек Жапаров кол койгон. Анын орун басары Эдил Байсалов 6-февралда аларды жамаатка тааныштырып, ийгилик каалады.

Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. Ал эми Марат Тагаев «Азаттык» үналгысында кабарчы болуп, өткөн жылдын июлунда өз ыктыяры менен иштен кеткен.

Андан мурдараак Тагаевдин үлпөт тою соцтармактарда кызуу талкууга алынган эле. Анткени коноктордун арасында бир нече саясатчылар — анын ичинде вице-премьер-министр Эдил Байсалов, коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажычы Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова да болгон.

Анткен менен «Азаттыктан» Тагаевдин иштен кетиши анын үлпөт тоюна байланыштуу эмес экенин белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Саясатчылар чакырылган үлпөт той: Марат Тагаев «Азаттыктан» өз ыктыяры менен кетти