Депутат Жанар Акаев Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктарды экстрадициялоону талап кылды

Депутат Жанар Акаев Орусияда соттолгон кыргызстандыктарды мекенине экстрадиция кылууну талап кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, алар Орусиянын Украинага кол салуусуна катышып, өлүп жатат. Бул тууралуу Акаев 8-февралда парламенттин жыйынында айтты.

«Орусиянын түрмөлөрүндө миңден ашык кыргызстандык жатат. Алардын алдыларынын сөөгү Украинадан келе баштады. Бул абдан чоң трагедия […] Көрүп жатасыздар Ноокенге Аян деген жигитибиздин сөөгү келди, Өзгөнгө да сөөк келип жатат. Алар түрмөгө адилетсиз камалган деп көпчүлүк айтып жатышат», — деди Акаев.

Анын айтымында, Орусиянын соттору көп учурда аларды Кыргызстанга экстрация кылуудан баш тартышат, себеби кыргыз соттору алардын жазасын жеңилдетип, айрым учурда туура эмес маалыматтарды көрсөтүшөт.

Буга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев сот чечимдеринин баары мыйзам чегинде чыгарыларын, ал эми Кыргызстан менен Орусиянын мыйзамдары айырмаланарын, мындан улам жаза мөөнөттөрү ар башка болот деп жооп берди.

Ал эми Жогорку соттун башчысы Замирбек Базарбеков Акаевден кыргызстандыктарды Орусиядан экстрадициялоодон баш тартууларга байланыштуу бардык документтерди берүүнү суранып, аларды карап чыгууну убадалады.

Февраль айы башталгандан бери Украинадан сөөктөрү Кыргызстанга алып келинген эки кыргызстандыктын өлүмү белгилүү болгон. Биринчиси 2022-жылдын 24-ноябрында Украианын Бахмут шаарында каза тапкан Аян Алишеров, экинчиси — 2022-жылдын 9-декабрында ушул эле шаарда каза тапкан Янгибай Рахимов.

Экөө тең Орусиянын абактарында жаза өтөп жатышкан. Мурдараак укук коргоо уюмдары Орусиянын абак жайларынан Украинадагы согушка борбор азиялыктар тартыла баштаганын билдиришкен.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматына ылайык, Орусиянын 79 субъектинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1077 жараны жазасын өтөп жатат. Зулушев аларды жаза мөөнөтүн андан ары мекенинде өтөөсү үчүн Кыргызстанга которуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын дагы кошумчалаган.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинен «Клоопко» Кыргызстандын жарандары орус аскерлеринин катарында Украинанын аймагында согушуп жатканы жөнүндө маалыматы жоктугун билдиришкен.